Menu

Арменияда мурдагы өкмөт башчынын агасы камалды

Бөлүшүү:

8-августта Армениянын мурдагы премьер-министри Овик Абрамяндын агасы мыйзамсыз курал сактоо шеги менен камакка алынды.

Генрик Абрамян мурда бир нече жолу парламенттин депутаты болуп шайланган, Арменияда бир нече ишканасы бар.

Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы билдиргендей, курал-жарактар мурдагы өкмөт башчы Овик Абрамянга таандык делген механикалык-ремонттоо заводунан табылган. Тинтүү учурунда ондогон курал-жарак, анын ичинде үч кол пулемету, эки көзгө атар мылтык жана ок-дарылар табылган.

Өткөн аптада Армения соту өлкөнү 1998-2008-жылдар аралыгында башкарган мурдагы президент Роберт Кочаряндын үйүндө тинтүү жүргүзүүгө уруксат берген. Кочарян бийликти узурпациялоо жана 2008-жылдагы шайлоодон кийин конституциялык түзүмдү кулатуу аракетине айыпталган.

Арменияда апрелдеги элдик толкундоодон кийин бийлик башына келген Никол Пашиняндын өкмөтү май айынан бери ири антикоррупциялык өнөктүк жүргүзүп жатат. Андан бери өлкөдө таасирлүү деп эсептелген мурдагы бир нече аткаминер камалды.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: