Menu

Мадумаров: Эмне болгон эл болдук?

Бөлүшүү:

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров 17-июнда “Мен макул эмесмин” кыймылынын жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал боюнча пикирин билдирди. Мадумаров элге кайрылып өлкөдөгү болуп жактан саясий окуяларга кайдыгер карабоого чакырды: “- Экс-президент азыркы президентти легитимсиз деп жарыялады. Биз сиздер менен бирге 2017-жылы президенттик шайлоону мыйзамсыз өттү деп жарыялаганбыз. Анда эмне үчүн укпадык? Ошол мыйзамда көрсөтүлгөндөн башка акча суудай агып жатканын айтпадык беле? Мен туура эмес айтып жатамбы? Эгер туура болсо үн катып койгулачы, кыргызстандыктар. Интеллигентиң же аксакалың же акын-жазуучуң үн ката албайт. Эмне болгон эл болдук? Башка мамлекеттерде туура эмес иш болсо эл чыгып акырын ордуна коюп жатат”.

Адахан Мадумаров буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бириге тургандыгы жөнүндө сөздөрдү төгүндөгөн. Мадумаров 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоодо өзүнүн платформасы менен чыгаарын билдирип жүрөт.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: