Бүгүн, 25-майда КР Жогорку Кеңешинин “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов КР Айыл чарба министри кызматына жаш жигит Тилек Токтогазиевди сунуш кылды. Айыл чарба министри кызматы парламенттеги көпчүлүк коалициянын курамына кирген “Бир бол” фракциясынын квотасы болуп эсептелет.
“Биз Айыл-чарба министрлигине жаш кадр Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштайлы деп чечтик. Жаңы көз караш, жаңыча ой жүгүртүү бул тармакты өнүктүрүүгө жол ачат”, – деп билдирди Дубайдан Алтынбек Сулайманов Facebook социалдык тармагындагы баракчасынан видеокайрылуу жасап.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 24-майда “Бир бол” фракциясынын квотасы менен Айыл чарба министри кызматын аркалап келген Нурбек Мурашев коомчулуктун көптөгөн нааразычылыктарынан кийин кызматынан кеткен.
Жаш кадр Тилек Токтогазиев акыркы жылдарда Кыргызстанда күнөскана иштетип тааныла баштаган. Кечээ Нурбек Мурашевдин отставкасынан кийин ал Айыл чарба министри кызматын аркалоого даяр экенин билдирип, Facebook социалдык тармагындагы баракчасынан кайрылуу жасаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ