Ушундай маалымат тарады интернет айдыңында. Кокуйгүн деп эле калдык алакан чаап. Динара Акулова кызы Маликаны жалгыз бой тарбиялап, өстүрүп, эрезеге жеткирип, турмушка узатып, учурда таене болуп отурганын билебиз. Анан кандай эле Маликасы алдамчылык кыла койгону белгисиз. Билишибизче бул кыздын андай жаман-жуман сапаттары жок, ачык-айрым жөнөкөй мүнөзү бар. Малика-Динанын үстүнөн Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз түшкөн. Бул тууралуу vb.kg сайты жазып чыгып, чыр машине тууралуу болгон. Сыягы ижарага алынган машине өз убагында кайтарылбай калып, ошол себептүү арыз жазылган окшобойбу. Динара айымдын айтымында кылмыш ишин козгоого негиз жок, акчаларынын баары мыйзамдын негизинде төлөнүп берилген экен. Демек, кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал эне-баланын үстүнөн кара пиар жүрүп жаткан жокпу ыя? Акыркы кезде Маликанын жеке жашоосуна чейин жармашкан ушактар да чыгып кетти. Бул маалыматтардын артында атайын бирөө турган жокпу? Динара айым иликтеп көрсө болот эле…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ