Шайлоочу шайлоо алдында өзүнүн шайлоо дарегин 21 жолу өзгөрттү. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык аял участоктон участокко секирип, №2 формасына арыз берген. Кыймылды www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталынын жардамы менен байкоого болот.
Анын үстүнө, иш жүзүндө буга мыйзам тарабынан тыюу салынган эмес. Бардыгы болуп №2 форма боюнча шайлоочулардан 496 миң арыз алдын ала берилген.
Буга чейин Башкы прокуратура Шайлоочулардын тизмесин түзүү жана аларды №2 форма боюнча каттоо шайлоо комиссияларынын компетенциясына кирет деп билдирген.
Жалпысынан шайлоого 3 миллион 523 миң 532 адам катыша алат.
4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ