2020-жылдын 1-январына карата мамлекеттик жөлөкпулду жалпы алуучулардын саны 563,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-январь күнү билдирди.
Анын ичинен “Үй-бүлөгө көмөк” – 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 308,7 миң адамды түздү. “Социалдык жөлөкпул” – пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 93,1 миң адамды түздү. Ал эми бала төрөлгөндө бир жолку берилүүчү «балага сүйүнчү» жөлөкпулун 161,8 миң адам алды.
Жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 871,2 сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3029,9 сомду түздү.
Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 7530,5 млн.сом (өсүш – 15,4%) акча каражаты каржыланган, алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулду төлөөгө 2930,9 млн.сом, АҮСЖ – 471,3 млн.сом, социалдык жөлөкпулду – 3478,0 млн.сом, “балага сүйүнчү” жөлөкпулу – 650,3 млн.сом каржыланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ