Menu

Равшан Жээнбековдун адвокаты жана тарапташтары маалымат жыйын өткөрөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-январда экс-депутат Равшан Жээнбековдун кармалышына байланыштуу маалымат жыйын өткөрүлөт. Бул тууралуу журналист Кубат Айбашев билдирди.

Анын айтымында, Равшан Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошев, тарапкерлери жана жарандык активисттер маалымат жыйын өткөрүшөт. Алар саясатчыга ак жерден айып тагылып, саясий куугунтукка кабылды деп эсептешет.

Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков былтыр, 12-декабрда ИИМге суракка чакырылып, ага Кой-Таш окуялары боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу”, «Бийликти күч менен басып алуу» беренелеринин негизинде камакка алынган. 14-декабрда, Биринчи Май райондук сотунда Равшан Жээнбековдун  баш коргоо чарасы каралып, 2020-жылдын 9-февралына чейин СИЗО-1де кармоо чечимин чыгарган. Ал былтыр, 7-8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: