Menu

Кылыч Шанаев, ишкер: “Эмне үчүн бийлик өкүлдөрү Кыргызстандын жерин “Өзбекстандын жери” дешет?”

Бөлүшүү:

27-январь күнү Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнө караштуу Ажек аймагында мал багып жүргөн Кыргызстандын жаранын “Өзбекстан чек арасына өтүп кеткендиги үчүн атып,жарадар болгон атуулду алып кетти” деген, маалымат тараган. Бул маалыматты Ала-Бука акими өз интервьюсунда айтып өттү. Кыргызстандын жаранын аткандыгы бул чындык. Алып кеткендиги да чындык! Болгону район башчысы боло туруп, Кыргызстандын жерин эмне үчүн “Өзбекстандыкы “деп, тааныйт? Бул сөздү мен эмес, өзү айтып өттү. “Мал кайтарып жүргөн Кыргызстандын жараны чек араны бузуп киргендиги үчүн жана чек арачыларга баш ийбегендиги үчүн, бутунан жараат алды” деп.

Бул карандай калп! Эч кандай чек араны бузуп кирбеген! Кыргызстандын эле аймагында жүргөн! Ошол атылган кишини да, ошол окуя болгон жерди да, менчелик билген киши жок болсо керек. Себеби ошол жерде менин балалыгым өткөн. Өзбекстан чек арачылары ошондо “жок болгон” дейсиңерби? бар эле болчу. Болгону көпүрөнүн астында жүрчү. Азырчы? Кечээги окуя болгон жерге бул шүмшүктөрдүн турган жердин арасы эң эле аз дегенде 5 км болбосо 10 км ге чейин ары жакта болуш керек эле. Аким эмне үчүн “Өзбекстанга өтүп кеткендиги үчүн атты” деп, калп айтты?
Акимдин бул сөзүнөн кийин Өзбекстан “силердин акимиңер айтып өттү, Өзбекстанга өтүп кеткендиги үчүн атышты”, – демек, “бул биздин жер” десе , эмне дейбиз? Эл башчы болгон соң, туура маалымат берүү керек эле. Эмне себептен мындай маалымат берди аким?- Ал мындай болушу мүмкүн….
Окуя болгон жерге аким өмүрүндө барган эмес. Ал кайда экенин деле толком билбейт! Болгону кол астындагылардан сураган же ошол айылдын өкмөтүнөн сураган. Анан булардан албетте “өтүп кетиптир” деген, жооп келет. Себеби алардын деңгээли ошол! Ошол маалымат менен урдурган анан аким. Район башчысы болгон соң, тактап анан жооп берсе болмок.
Окуя мындай болгон!
Ажек – бул биздин айылдыктардын жазында дыйканчылык, кышында мал бага турган ыңгайлуу жери. 1991-жылдан бери мен эс тартып калгандан бери билем. Ошол кезде эле чек арабыз бар болчу. Албетте, такталбаган жерлерибиз деле, бар деңиздерчи, бирок кечээги окуя болгон жер 100% Кыргызстандыкы болуп жатпайбы…
Кечке жуук Асан аке мал союп,”азыр малдарды кайтарып, короого камап койоюн ” деп, келинчегине айтып, 200 метр басып барган соң эле өзбектер асманга ок чыгарып эле “өзүн ат, өзүн ат” деп, жоон санга бир атат. Октун үнүн уккан Асан акенин келинчеги чуркап барып жардамга жетип барса өзбек чек арачылары “азыр сени да атып таштайм, кайт артыңа” деп, коркутканда, келинчеги эмне кылышын билбей артка качып жөнөйт. Ошентип аңгыча болбой өзбектердин машинеси келип, жарадар болгон Асан акени жүктөп кетет. Бизге жеткен маалыматка ылайык ок Асан акенин жоон сандагы сөөгүн талкалап кеткен. Азыр ал Өзбекстан да, оорукана да, даарыланып жатат.
Ошол окуя болгон жер мал камаган короого жана өздөрү жаткан үйгө болгону 200 метр. Ал эми Өзбекстан чек арасы “жок”дегенде 4 км ары жакта болуш керек эле. Жылып кеткен учурда дагы. Себеби көпүрөнүн астында болчу булардын илгерки чек арасы. Өзбекстан чек арасын илгери эле чуңкур кылып казып таштаган. Ошол чуңкур көпүрөнүн алдында турат дагы деле. Ошол көпүрөдөн санай турган болсок, анда 10 км ары жагы. Канча жылдан бери мал багып жүргөн жерибизди бүгүн булар келип басып алып жатса, акимдерибиз алардын сөзүн сүйлөп жатса, биз карапайым эл кайда барабыз? Ата-бабаларыбыз жердеген жерлерди биз эмне үчүн тарттырып жатабыз? Урпактарга эмне деп,жооп беребиз? Силер балким “бул жаш бала, эмоцияга алдырып жиберип атыры” дешиңер, мүмкүн…. Бирок бул биздин жер эле ушул күнгө чейин. Кыскасы биздин мамлекетти “алсыз” деп, көпчүлүгү тоотпой жатат.
Маалыматты тактайын “деп, 2 күн айылдаштарыма, чек арачыларга тынымсыз чалып аттым.
Бүгүн эми биздин чек арачылар менен өзбек чек арачылары сүйлөшүшүп аткан мезгилде өзбек тараптан ызы чуу чыгыптыр. Ал чырдын себеби мындай экен.. башчысы келип – “ким атты? десе, “өзүң, өзүң ат, өзүң ат деп, кыйкырдың го”деп, бири-бирине шылтай баштаптыр. Эсиңиздерде болсо, бул сөздү Асан акенин келинчеги да айткан болчу “өзүң ат, өзүң ат” деген сөздү.
Кызыгы бүгүн ошо жерде балдар мал жайып, окуя болгон жерди видеого тартып алышыптыр. Ок тийип, кан башталган жерден машинеге жүктөгөн жерге чейин телефонго тартышыптыр. Өзбек чек арачылары мен айткандай 4 км ары жакта эле жүрүптүр.
Ошол Асан аке дагы 2-3 киши болбосо Ажек дагы толугу менен Өзбекстанга өтүп кетмек. Ошолор бар жерибиз сакталып туру.
Мындай окуялар бизде жыл сайын болбосо ай сайын деле болуп турат. Эмнегедир бул кооптуу маселени же айыл өкмөтүбүз же акимибиз парламентке жеткире албайт.
Канткенде чек ара маселеси чечилет?
Биздин көйгөйдү уга турган киши барбы?
Дагы канча киши жараат алып,канчасы өлүш керек?
Жерибизди сактап калалы!

Кылыч Шанаев, Ала-Букалык ишкер

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: