Menu

Кыргызстандын делегациясы транспорт туруктуулугу боюнча глобалдык конференцияга катышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 26-ноябрда, Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн транспорт туруктуулугу боюнча глобалдык конференцияга катышты.

Мухамметкалый Абулгазиев өз сөзүндө туруктуу транспорт боюнча Глобалдык конференция – пикир алмашуу жана андан аркы  кызматташуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун транспорттук түзүмүн өнүктүрүү үчүн уникалдуу аянтча болуп саналарын билдирди.

«Кыргызстан жана Борбордук Азия үчүн Улуу Жибек жолунун бир бөлүгү катары,  эл аралык автомобилдик жана темир жолдорду, ошондой эле инфраструктураны модернизациялоо үчүн үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу, эл аралык транзиттик ташууларды күчөтүү олуттуу транзиттик потенциалды кеңейтүү артыкчылыктуу мааниге ээ», – деди Биринчи вице-премьер-министр.

Мухамметкалый Абулгазиев өлкөнүн транспорттук саясатында – жолдордун ички тарамын калыбына келтирүү, эл аралык автомобилдик транспорт коридорлорун түзүү, өлкөдө транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн, темир жол жана авиакаттамдар, анын алкагында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” жана “Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Афганистан-Иран”, темир жол магистралдарын, ошондой эле “Манас” аэропортунун Бишкек шаарында эл Аралык авиатранспорттук хабка айландыруу иштерин белгиледи.

Соңунда Мухамметкалый Абулгазиев бардык мамлекеттер туруктуу транспорт тармагында жалпы кызыкчылыктарды ишке ашырып, өз ара тыгыз байланышта болоруна ишеним артарын кошумчалады.

Ошондой эле күндүк экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри  Жамшитбек Калилов жана Жарандык авиация агентигинин директору Курманбек Акышев Түркмөнстандын авиация тармагынын жетекчилери менен жолугуп, «Ашхабад – Бишкек – Ашхабад» туруктуу аба каттамын ачуу боюнча келишимге кол койду.

Делегациянын курамында: Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Жаныш Рустенбеков, Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев бар.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: