Menu

Балбак Түлөбаев: “Тойкана ээлери, элдин ден соолугу менен ойноп жатасыңар. 15 күнгө жабабыз”

Бөлүшүү:
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев борбор калаада коронавирус инфекциясы жайылып, күчөп жаткандыктан тойканаларды убактылуу жабуу маселеси каралып жатканын айтты Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
“Коронавирус кооптуу абалга келе атат. Жалдырасак да, сурансак да болбой атасыңар. Бүт шаарды коркунучка алып келдиңер. Шаарды кайра карантинге жаба албайбыз. Эл кыйналат. Такыр укпаган эме экенсиңер. Тойкана ээлери бул сөз силерге. Элдин ден соолугу менен ойноп атасыңар. 15 күнгө жабабыз. Жакында чечим чыгаралы деп ойлоп атабыз. Болдугула да эми. Сураныч. Өтүнүч. Элдер бизден талап коюп атат” – дейт ал.
Белгилей кетсек, 4-ноябрга карата Бишкек шаарында коронавирус жана пневмонияга чалдыккан адамдардын саны 20 940ка жетти. Анын ичинен 18006га жетти. 568 киши илдеттен улам каза болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: