Кыргыз мамлекетинин эң ири өлчөмдөгү тышкы карыздарды төлөөчү мезгилдеринин бири 2018-жылга туура келет. Жыл жаңыргандан кийин Кыргызстан тышкы карызды жабууга 11 миллиард сом же 160 миллион доллар жумшайт. Ал эми тышкы карыздарды төлөөнүн туу чокусу 2021-жылга туш келет. Ал учурда жылына 300 миллион доллар өлчөмүндө каражат сарптоого аргасыз болобуз. Буга чейин мынчалык ири суммадагы карызды төлөп көрө элек болчубуз.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ