Menu

Жалал-Абадда балдарды коргоонун бир айлыгы жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында 25-майдан 25-июнга чейин балдардын “Биздин балдар – өлкөнүн келечеги” аттуу бир айлык акция жүрүп жатат. Ал 1-июнда белгиленүүчү Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө байланыштуу. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кол койгон буйрукта аталган бир айлык шаар аймагындагы балдардын укуктарын коргоо, алардын өсүп-өнүгүүсү үчүн шарттарды жаратуу, балдардын чыгармачылык жигерин өнүктүрүү, бийик адеп-ахлактарга, патриоттуулукка жана жарандуулукка тарбиялоо максатын көздөй турганы айтылган.

-Бир айлыктын ичинде шаардагы менчигине карабастан бардык мекеме-ишканалар кайрымдуулук акцияларын өткөрүшөт, үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнө, колдоого муктаж болгон майып балдарга камкордуктарды көрүшөт. Шаардагы балдардын психоневрологиялык социалдык станционардык мекемесине колдоо көрсөтүүлөт жана балдарга маданий иш-чаралар тартууланат. “Жаш талант – 2018” аттуу балдардын кароо-сынагы уюштурулуп, кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү өткөрүлөт. Балдарга театралдаштырылган оюн-зооктор уюштурулуп, атайын тематикалык көркөм фильмдер тартууланат. Анан да 14 жашка чейинки балдарды коомдук унаада акысыз алып жүрүү, медициналык эсепте турган балдарга акысыз жардам көрсөтүү, муктаж балдарга ортопедиялык бут кийимдерди, балдактарды алып берүү, жетим балдар үчүн эс алуу уюштуруу, жаштар уюмдары тарабынан кайрымдуулук жумалыгын өткөрүү да каралган, – дейт шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында балдардын укуктарын коргоо, алардын мүдөөлөрүн аткаруу чаралары жыл бою жүргүзүлүп келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: