Menu

Түркмөнстанда “гүленжилер” мунапыска илинет

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда “Кадыр түндүн” урматына кезектеги мунапыс жарыяланары күтүлүүдө.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, бул сапар соттолгон үч миңдей кишиге ырайым берилет.

Алардын арасында АКШда бозгунда жүргөн түрк динаятчысы Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” кыймылына мүчө деген айып менен түрмөгө кесилгендер да бар.

Былтыр февралда Ашхабад соту 18 кишини “гүленжилер” менен байланышы бар деп айыптап, жалпысынан 333 жылга эркинен ажыраткан.

Түрк бийлиги 2016-жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетинин артында турат деп АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхулла Гүленди жана анын кыймылын күнөөлөсө, Гүлен бул дооматтарды четке кагып келет. Бул окуядан кийин Анкара бир эле Түркия эмес башка өлкөлөрдө да кыймыл менен байланышы бар кишилерди жана уюмдарды кысымга алууну күчөткөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: