Menu

Бактыбек Райымкулов, ЖК депутаты: “Биз коррупцияны жок кылымыш этип, ага кайра “май тамызып” атабыз”

Бөлүшүү:

– Бактыбек мырза, комитеттен мамлекеттик сатып алуу боюнча маселе каралганда айыл өкмөттөрүндө көп көйгөйлөр бар экенин айттыңыз. Чечмелей кетсеңиз?..

– 2015-жылдан бери айыл өкмөттөрүндөгү бардык сатып алуулар тендер аркылуу жүргүзүлүп калбадыбы. Алар порталга чыгарып, тендер өткөрмөйүн ручка, кагаз да сатып ала алышпайт. Бирок, ошол эле учурда мектептерди, жолдорду салууга, же болбосо жол боюндагы жарыкты орнотууга кеткен реалдуу чыгымдар менен коюлган баалар бирине-бири туура келбейт. Мисалы, бир айыл өкмөтүндө ар бир электр мамыларындагы жарыктарды 6 миң сомдон орнотушкан. Бул эми аша чапкандык! Мейли, миң эмес, эки миң сомдон, өтө эле сапаттуу болсо үч миң сомдон койдурсун. Бирок, алты миң сомдон эмес да…

Мен 2015-жылы 20 чакырым жолго жарык орнотуп бергем. Лампаларын 200 сомдон алып, зымдарын, койгон эмгегин кошкондо 1100 сомдон айланган. Жанагы айыл өкмөтүндө иштегендерден «эмнеге мынчалык чыгым көп кеткен?» деп сурасам, алар көз каранды эмес баалоочуларга 100 миң – сомдон ашуун акча төлөп беришет экен. Кичинекей айыл болгондон кийин ал жердеги тендерге баардык эле фирмалар барып катыша бербейт. Катышса да чоң сумманы коёт. Ошентип, 6 миң сомго чыгып кеткен. Эртең прокуратура, же эсеп палатасы текшерип барса,
«биз тендер аркылуу порталга чыгарып койдук, баланча фирма мынча акчага баалап берди, ошонун негизинде койдурдук» деп коёт.

Бир эле сандагы окуучуларга эсептелген мектептер эки башка баада курулуп жатат. Эмне үчүн андай? Өкмөт, мам-курулуш каякты карап отурат? Биз «коррупцияны жок кылабыз» деп атып, аны ого бетер күчөтүп аткандай болуп атабыз. Буга чейин «айыл өкмөттөрү жеди» десек, бүгүнкү күндө тендерге катышкан фирмалардын жетекчилери эки эсе жеп атат. Андан сырткары, көз каранды эмес баалоочуларды багып жатабыз. Айыл өкмөттөрүнүн бюджети 1/5-2 млн. болсо, анын алтымыш пайызы жанагыларга кетет. Менин оюмча, тендерди жоюп эле салыш керек. Ал жерде жергиликтүү бийлик бар, жергиликтүү кеңештердин депутаттары бар. Алар билимдүү, фонардын, зымдын базар баасы канча экенин, электриктер аны канчага коёрун билишет, айыл өкмөтүнүн ар бир ишин көзөмөлдөп турушат. Тендер жоюлганы айыл өкмөттөрүнө пайда гана алып келмек. Кээ бир айыл өкмөттөрүнүн аймагында сел жүрүп, көпүрөлөрдү суу алып, же түтүктөр жарылып, бүтүндөй айылдар суу жок калууда. Айыл өкмөттөрү порталга чыгарып, тендер өткөргөнчө бир-эки ай өтөт. Эл болсо бул мезгилдин ичинде көпүрөсүз, суусуз отурат, айыл өкмөттөрү муктаж болгондорго өз учурунда жардам бере албайт. Биз Араван, Алай, Баткен, Лейлек райондоруна чейин барып, көчмө жыйындарды өткөрдүк, Чолпон-Ата, Каракол шаарларында жетекчилер менен жолуктук. Баардык жерде тендерге каршы болуп жатышат. «Жөпжөнөкөй майрамга гүл алсак дагы тендерсиз ала албайбыз» дешет. Беш сомдук гүлдү бир фирма миң сомго алып келип бериш керек.

– Айыл өкмөттөрү өздөрү ошентип акчаны кандайдыр фирмалар менен бөлүп жегенге кызыкдар эмеспи?

– Мен ушу кезге чейин байып кеткен айыл өкмөт башчысын көрө элекмин.Тескерисинче, кээ бирөөлөр элге жакшы жагын көрсөтүү үчүн өзүнүн байлыгын, малын чачып жиберген учурлар бар. Бир айыл өкмөтүнүн башчысы: «Жүз эле миң сомго бүтө турган көпүрөнү мен тендер аркылуу 350 миң сомго курдурдум. Жүз миң сомго матералдарын алып, 50 миң сомго үч-беш адамды жалдасам бүтө турган иш болчу. Бирок, анткенге укугум жок. Тендерсиз курсам камалам» дейт. Тендер аркылуу болгондо кимдин канча акча жеп атканын эч ким билбейт. «Биз ачык кылабыз» деп отуруп, коррупциялашкан системага жол ачып коюп жатабыз. Өзүңүз деле уктуңуз го, комитеттин отурумунда он сегиз депутаттын бири да «тендер туура» деп айткан жок. Баардыгы каршы чыгыппы. Демек, алардын баары айыл жерине барып, эл менен, жергиликтүү бийликтер менен жолугушканда тендер боюнча жакшы сөз угушпайт.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: