Майлуу-Суу шаарында сегиз жаштагы кызды зордуктоого шектелип 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, зордукталган кыз тууралуу билдирүү милицияга 7-сентябрда келип түшкөнү такталды. Шаардык оорукананын фельдшери кызды кансырап алып келгенин билдирди.
“Кызды тез жардам кызматынын дарыгерлери алып келишкен. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси боюнча катталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жергиликтүү тургун, 29 жаштагы жаран кармалган. Алар аны эки айга камакка алуу түрүндө алдын алуу чарасы катары тандашты. Кармалган адамга айыптоо кагазы тапшырылды, иш сотко өткөрүлдү”, – деп билдирди милициядан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ