Menu

«Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамдын күчүнө кириши 2018-жылдын 1- апрелине жылдырылууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Аталган мыйзам долбоору боюнча КР эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова баяндама жасады.

Сунуш кылынган мыйзамдын долбоорунун негизги милдети 2017-жылдын 28-июлундагы «КР мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамдын бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпул дайындоо жана төлөө боюнча 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү жоболорунан тышкары 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген мөөнөтүн үч айга узартуу болуп эсептелет.

Ошону менен катар, министр Таалайкүл Исакунова бул мыйзамдын ченемдерин кошумча изилдөө зарылдыгы келип чыгып жаткандыгына токтолду. Себеби алдын ала жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, мыйзам күчүнө киргенден тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 30 миңге жакын балдар 2018-жылдын ичинде жөлөкпул алуучулардын тизмесинен чыгат.

«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» колдонуудагы мыйзамга ылайык, бул үй-бүлөлөр орточо жыйынды кирешеси 900 сомдон төмөн болгондуктан, жөлөкпул алыша тургандыгын белгилөө зарыл.

Жаңы мыйзам боюнча 3 жаштан 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан ашык баласы бар үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөкпул дайындоо шартталган, мында 3 жаштан 16 жашка чейинки курактагы үчтөн аз балдары бар үй-бүлөлөр балдарга жөлөкпул алуу укугунан ажырап калууда.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, мыйзам долбоорунда 2017-жылдын 28-июлундагы «КРдагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамдын күчүнө киришин кийинкиге жылдырып, бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпул дайындоо жана төлөө боюнча 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү жоболорунан тышкары, 2018-жылдын 1-январынан эмес, 2018-жылдын 1- апрелинен киргизүү зарылдыгы айтылган.

Талкууда депутаттар бул мыйзамды кабыл алуу маалында Өкмөт дыкат иштеп чыкпагандыгын, алдын ала күтүлүүчү жагдайлар ойлонулбагандыгын, жөлөкпул алуучулардын саны такталбагандыгын сынга алышты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: