23 жашка чейинки балбандардын таймашы 28-октябрдан 3-ноябрга чейин Венгриянын борбору Будапештте өтүп жатат. 61 кг салмакта Улукбек Жолдошбеков катары менен беш жеңишке жетишти. Селехаттин Серт (Түркия), Валентин Блясецкий (Украина), Даулет Тажибай (Казакстан), Рютаро Хаяма (Жапония) жана Равиндер Равиндер (Индия) биздин Улукбекке алы жетпей коюшту.
2019-жылы бул бешинчи дүйнөлүк чемпионат. Мурда кадеттер, жеткинчектер, улуулар жана ветерандар арасында болгон. Ар бир турнирде Кыргызстан аз дегенде бир медалга татып жатты.
Жазында Улуrбек Жолдошбеков ушул эле жаш куракта Азиянын чемпиону болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ