Menu

Элдик Курултай кыймылы жана Кырк чоро: “Биз бийлик тарабынан сунушталган Конституцияга өзгөртүү, толуктоолордун киргизилишине каршыбыз!”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын элине, Мамлекеттик бийлик бутактарына жана оппозициялык багыттагы саясий күчтөргө Элдик Курултай кыймылы, Даанышмандар кеңеши жана Кыргыз Чоролорунун биргелешкен билдирүүсү

Урматтуу Мекендештер! Кадырман калайык калк!

Акыркы мезгилде өлкөбүздүн коомдук-саясий турмушунда болуп жаткан окуялар бизди ушул Билдирүү менен чыгуу зарылчылыгын жаратты
Урматтуу Кыргызстандыктар! Элдик Курултай кыймылынын демилгеси менен 2011-жылдын биринчи жарымында облустук Курултайлар болуп өтүп, анын жыйынтыгы менен 2011 –жылдын 09-11-сентябрь күндөрү Бишкектеги Спорт сарайында өлкөнүн бардык аймагынан келишкен 1300 өкүл жана коноктордун катышуусунда Улуттук Улуу Курултайдын биринчи бөлүгү, ошол эле жылдын 26-ноябрында экинчи бөлүгү өткөрүлүп, 21-пункттан турган Резолюция кабыл алынган. Ал маселелердин кээ бири аткарылса, көпчүлүгү азыр да курч бойдон чечилбей турат. Ал эми 2012-жылы 26-майда өткөн Улуу Курултайдын 2-чакырылышында “ Өнүгүүнүн кыргыз жолу” Багыттамасынын жана Улуттук Баш мыйзамдын долбоору жактырылган. Курултайдын чечимине таянып жана мыйзамдуу укугубуздан пайдаланып, конституциялык реформага баруу боюнча БШКга жана бийлик органдарына 300 миң кол топтоо демилгеси менен 2 жолу чыкканыбызда “2020-жылга чейин өзгөрбөйт”-деген жоопту беришкен. Ал эми азыр бийлик тарабынан мыйзам талаптары одоно бузулуп, Жогорку Кеңеште расмий талкууланбай, “Эркин тоо” гезитине ж.б. маалымдоо каражаттарында жарыяланбай туруп, коомдук талкуу башталгандыгы айтылып, Конституцияны жаңылоо маселеси кайрадан көтөрүлүүдө.
Биз бийлик тарабынан сунушталган Конституцияга өзгөртүү, толуктоолордун киргизилишине каршыбыз. Жалпы элдин эмес, тар саясий топтун кызыкчылыгына жараша Президенттик шайлоонун астында Конституциялык реформанын жүргүзүлүшү улуттук кызыкчылыкка каршы келет.
Түпкүлүгүндө элдин мүдөөсүнө туура келбеген Баш мыйзамдан биротоло баш тартып, улуттук баалуулуктардын негизинде Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алынышын туура деп эсептейбиз.
Кылымдап эңсеп келген Эгемендигибиз колго тийип, өзүнчө мамлекеттүүлүккө ээ болгонубузга чейрек кылым өткөндүгүнө карабастан, өнүгүүнүн даңгыр жолуна чыга албай чайналып келе жатканыбыздын себептери, андан чыгуунун жолдору, тогузунчу ирет өзгөрүүгө дуушар болуп жаткан Конституцияны жаңылоо, идеология маселелери, паспорттон “улуту” деген графаны алып салуунун кесепеттери туурасында ачык кеп кылууга жана жыйынтыгында туура жол таап чыгууга милдеткер экенибизди баса белгилейбиз.
Ошондуктан, Улуттук-мекенчил багыттагы уюмдардын жана коомчулуктун кеңири катмарынын колдоосу менен 2016-жылдын сентярь айында жогоруда көтөрүлгөн уңгулуу маселелерди талкуулаган Улуттук Улуу Курултайдын 3-чакырылышын Бишкек шаарында өткөрүүнү сунуштайт.

Демилгечилер:
Элдик Курултай кыймылы – Б.Турал 
Даанышмандар Кеңеши – Б. Жумабаев 
Кыргыз чоролору – З.Көчөрбаев

Колдогон коомдук-саясий уюмдар: 
“Мекенчил” саясий партиясы -С.Жапаров
“Мекен ынтымагы”, саясий партиясы,УБК- Т.Асанбеков
“Таза коом” элдик партиясы- К.Кошалиев
“Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясы- Ж.Орозов
“Улут ордо” саясий партиясы – Б.Нуралы уулу 
Бүткүл жаштар саясий партиясы- Ч.Капаров

Жеке инсандар:
К.Дүйшөбаев – генерал-лейтенант 
Ж.Касаболотов-акын, аналитик
К.Айтикеев-БАТА коому
Ж.Султанов- “Үркөр эл” коому
С.Кадырова- акын, журналист
А.Сариев-жазуучу
А.Койчуев-коомдук активист
К.Рысалиев-коомдук активист, экономист
А.Жусубакунов-“Кыргыз жолу” коому
К.Дуйшеев- Элдик Курултай кыймылы
У.Рыскулов- “Достоинство” к/б
Б.Айталиев- Жаштар кеңеши
Н.Эшеналиева -“Мекенчил” партиясы
К.Соорбекова- “Манас эл” коому

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: