Өмүрбек Текебаевдин кадрларынын бири “Супер инфо” маданий оюн-зоок гезитинин негиздөөчүсү, Текебаевдин арты менен саясатта сүйрөлүп жүргөн Кылычбек Султанов Малайзиядагы элчилик кызматынан кетти. Ал кызматтан кетүүсүн Конституциянын өзгөртүүсүнө каршы болгонунан улам кетүүгө мажбур болгонун билдирди. Балким ал иштегиси келгендир, бирок Текебаевдин арты менен кызматка жеткен соң кетпеске арга жок эле. Анын үстүнө бул жигит Социалдык өнүктүрүү министри болуп иштеп, эшектин тушагын да чече албай, уятынан кызматты өткөрүп берген. Малайзияга элчи болуп кеткенде да жалпы элитанын ичи чыккан эмес. Демек анын кызматтан кетүүсү коомчулук үчүн кызык деле эмес. Угушубузга караганда ал Атамбаевдин өзүнө жолуккусу келип жаткан экен. Айтчу сөздөрү бар окшойт. Эми АША аны кабыл алаар бекен…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ