Menu

Бишкекте УКТнын 39 жаштагы мүчөсү 56 миң сом уурдоого шектелип кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте уурулукка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-августта түштөн кийин Ала-Арча айылындагы май алмаштыруучу жайдан кылмышкерлер 56 миң сомдон ашык акчаны уурдап кетишкен. Жабырлануучу милицияга кайрылган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (“Уурулук”) боюнча катталган.

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кечээ, 21-сентябрда кылмышка шектүүнү кармашты. Бул уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинде каттоодо турган 39 жаштагы Токмок шаарынын тургуну болуп чыкты.

Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: