Араванда төрт жаштагы бала кудукка түшүп кетип, набыт тапты Араван районунда үйүнүн короосундагы кудукка түшүп кеткен төрт жашар бала жеринде набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдады.
– Кырсык Араван районуна караштуу Уйгур-Абад кыштагында жүз берген. Үйдүн короосундагы кудукка түшүп кеткен баланы эч ким байкабай калган. Мунун кесепетинен наристе кудук ичинде жанталашып жатып каза тапкан, – деп кошумчалады Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ