Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган мунапыстын негизинде Казакстандын мурдагы премьер-министри Серик Ахмедовдун жаза мөөнөтү кыскартылды. Ал коррупция боюнча күнөөлөнүп, 2015-жылы эркинен ажыратылган.
Жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлагандай, анын жазасы өтөлүп бүтө элек мөөнөтүнүн төрттөн бири – бир жыл жети айы кыскарган.
Ахмедовдун жазасын кыскартуу боюнча сунуш сотко 11-январда түшкөн.
Караганда облусунун соту Ахмедовду 2015-жылы декабрда 10 жылга кескен. Коррупция иши боюнча кылмыш жоопкерчилигине 21 киши тартылган. Алардын арасында бюджеттик каражаттарды уурдоого күнөөлөнгөн жогорку кызматтагы аткаминерлер болгон. Апелляциялык инстанция 2016-жылы мартта күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке келтирилген чыгымдарды төлөп бергендиги үчүн Ахмедовдун жаза мөөнөтүн 8 жылга чейин кыскарткан.
Бул иштин айрым фигуранттары өткөн жылы мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыгышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ