Menu

Жанарбек Надырбеков, Аксы райондук депутаты: “Атамбаев баш болгон бийлик, 7-апрелди майрам деп, концерт көрүп кол чаап отурабы?”

Бөлүшүү:

“Бүгүн, Алмазбек Атамбаев “Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Атамбаев, 17-мартты – жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күнү – “Аксы окуяларынын күнү” деп жарыялоо; – 24-мартты –  жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күнү – “2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революция күнү” деп жарыялап, 2010-жылдын 7-апрелинде революция ашып өткөнүн эске алып, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына жылына белгиленүүчү “7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү” КР Эмгек Кодексинде белгиленген жумуш эмес майрам күндөрүнүн тизмесине киргизүү сунушталсын деди. 7-апрелде канчалаган кыргыздын эр азаматтары көз жумуп, канчасы жарадар болуп жатса, Атамбаев баш болгон бийлик, 7-апрелди майрам деп, концерт көрүп кол чаап отурабы?”,— деп билдирди бүгүн, 4-апрелде Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине  Аксы районунун жергиликтүү депутаты Жанарбек Надырбеков.
“Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсе буларга ишениш жок, кол чаап, концерт көрүп отура берет. Балдары каза болгон апаларыбыздын ахыбалы эмне болот? УӨ бийликке келгенине 6 жыл болду. Эч нерсе жылыш жок. 7-апрелди менин оюмча, “тарыхый кайгылуу, кандуу эскерүү күнү” катары белгилешибиз керек. Телевидениелерден мактанып жатат, “биз өндүк-өстүк, жыргадык” деп. Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасы чечилбей эл кыйынчылыкка кептелди. Өзбек чек арачылары кыргыздарды тоготпой, Кыргызстандын чек арасына бастырып кирди. 22-мартта, Кербен шаарында өткөн жыйында Азимбек Бекназаров, “Президент, Ислам Каримов менен чек араны тынчтык жолу менен сүйлөшүшү керек” деп сүйлөгөн жерин кесип салып, “Азимбек Бекназаров, Ислам Каримовдун кишиси” деп, КТРК бир беткей шыбап, элге жаман көрсөтүп жатып калды. Азимбек Бекназаров, “саткын”, өзүнүн жеке кызыкчылыгын” ойлогон адам эмес, ал кыргыз элинин патриоту. Эгерде Азимбек Бекназаровго бийлик тарабынан дагы кысым болуп, “камап коёбуз” десе, экинчи Аксы окуясы кайталанат, бийлик ошону ойлонуп койсун! Эртеңки күндү ойлонолу! Бийлик колдун кири, “баягынын баягысы кара эшектин таягы болбогула, бийликтин өкүлдөрү, эч качан бийликте түбөлүк кала албайсыңар!”, – деди жергиликтүү депутат.
Кыргызстан жыйырма жылдык тарыхында эки революцияны башынан кечирди. 2005-жылы Акаев тактан тайса, Курманбек Бакиев бийликке келген. Жаңы бийлик 24-мартты элдик революция күнү деп атап, мыйзамдык макам берген. Ошентип, кыргыз календарында дагы бир кызыл дата пайда болгон. Андан беш жыл өтпөй экинчи революция жүз берип, жаңы келген бийлик эми 7-апрелди элдик революция деп атады. Бирок, бул эки окуяга тең өлкө ичинде да, өлкө сыртында да ар түрдүү көз караштар айтылып жатат.
Эске сала кетсек, 2010-жыл 7-апрелдеги болгон окуяны ОДКБ “кандуу мамлекеттик төңкөрүлүш” деп жыйынтык чыгарган.
Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: