Menu

“НПОчулар” грант берүүчүлөрүнө тап берип, бири-биринен грант талаша башташты…

Бөлүшүү:

Бейөкмөт уюмдар же «НПОчулар» (неправительственные организации) ачык-айкындуулукту, адам укугунун сакталышын, гендердик теңчиликти бетке карманып, Кыргызстан эле эмес, чыгыш элдерине мүнөздүү болгон улуттук нарк-насилди, руханий баалуулуктарды жокко чыгаруу аракетин көрүп келишүүдө.

Бүгүн дүйнөнү коронавирустан дагы акча менен баш ийдирүү толук каптаган коркунучтуу заманда акчанын башын кылтыйтсаң энесин, атасын, баласын, керек болсо Мекенин дагы сатып жиберүүгө даяр адамдардын тобу пайда болду. Тилекке каршы…

Ушинтип «ала кушту атынан атасаң» эле улуттук шовинисттер, эскичилдер, өзгөрүүнү- өнүгүүнү каалабагандар деп беттен алмай адаттары да белгилүү. Макул анда деп, алардын каржы булактарын элге ачыктайлы десе да, «болбойт эле болбойт» деп долуланып, албууттанып жаткан кези. Ачык-айкындуулукту ураан чакыргандардын өздөрүнөн ачык-айкындык талап кылса, ага да каршы. Демек, жашыра турган маселелери бар да! Болбосо эмнеге каршы болушат десең?..

Ошентип, өлкөнүн сокур ичегисине айланган мындай топтор менен баш оорутуп жаткан маалда куураган «НПОчулар» дагы ачык-айкындык деп кыйкырып чыгышты. Бирок, бул жолкусу адаттан тыш, башкачараак болду! Жогоруда айтпадыкпы, акча дегенде акылынан адашкандар деп. Дал ушул акча талаштан чыкты го чиркин бул ирет.

ЮСАИД эл аралык уюму алдыдагы шайлоолорду мониторинг кылганга грант бөлүп, конкурс жарыялаган экен. Анысын «Общее дело» деген бир коомдук бирикме жеңип алыптыр. Калган «НПОчулар» бул аты-жыты жок, эч ким тааныбаган неме утуп алды, мында ачык-айкындуулук болгон жок деп кыйкырып, ызы-чуу түшүп, башын ташка койгулап эле жатып калышты.

Алардын логикасына таянсак, бул шайлоого мониторинг жүргүзүүнү аталган сферада көп жылдык тажрыйбасы жок, тажырыйбасыз дагы бир «НПОнун» утуп алганы болуп жатат. А түпкүлүгүндө өздөрүнүн эле бир туугандары мындайча айтканда. Арыз жазып, кол коюп, кыйкырып чыккандардын пикиринде, бул жаатта өздөрүнүн өтө чоң тажрыйбасы бар имиш. Муну ачык айтпаганы менен, айтайын дегени ушул да.

Анан да: «ЮСАИД уюму «өтө тажрыйбалуу», «дасыккан», «эч ким теңдешкис» НПОлордун ордуна байкуш эч нерсе билбеген, кайдагы бир «НПОну» тандап, бейөкмөт сектордун институтционалдык өсүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Мындай тажрыйбасыз «НПОлор» иштесе, шайлоону көз карандысыз мониторинг кылууга көлөкө түшүп, ишеним кетет…», -деп айтылат алардын кайрылуусунда. Сөздү кынаптаса эле ушулар кынаптасын, чиркин. Кандай айланып келсе дагы, ушулардыкы эле туура болуш керекпи?

Ошентип, жергиликтүү карапайым элдин башын айландырып, кайра-кайра кыйкырып чыгып, кемирип жеп көнүп калган «НПОшниктер» эми грант берүүчүлөрүнө тап берип, айбат көргөзүшүптүр.

«Ачык-айкындык», «Атаандаштык болушу керек!», -деп кан какшагандар эми келип алып, грант башкага бөлүнүптүр деп, сөз берметтерин терип, кынаптап, негиздеп, баптап акча үчүн тытышмайды башташты. Башкача айтканда акча үчүн «НПОлор» бири-бири менен грант талаша башташты. Керек болсо акча үчүн грант бергендеринен да ийменбей, тескерисинче аларды беттен ала башташты.

«Жаман айгыр өз үйүрүнө тап» дегендей эле болду бул жагы. Муну алар кайдан түшүнсүн, акчанын кулу болуп калган бул бечаралар…

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: