Аламүдүн районунан табылган эркек кишинин жансыз денеси боюнча ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 29-октябрь күнү болжол менен саат 08:35 чамасында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Кара-Жыгач айылына жакын жерден эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Анын негизинде дароо ыкчам тергөө тобу жогорудагы дарекке чыгышып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда эркек кишинин күйгөн жансыз денеси жана андан алыс эмес жерден “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа табылган.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө каза болгон жарандын өздүгү аныкталып, ал 61 жаштагы Кара Жыгач айылынын жашоочусу экенидиги такталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан окуянын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон экспертизалар дайындалып,сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ