Ош шаары,Баткен жана Жалал-Абад облустарында айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү үчүн “качкындарды кабыл алуу” жөнүндө атайын семинар уюштурулду.
Бул семинар Бириккен улуттар уюмунун качкындар иштери боюнча жогорку комиссариаты менен КР ӨКМнин Жарандык коргонуунун адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аймактык кафедрасынын окутуучусу Арипжан Көккөзов биргеликте уюштурулду.
Семинарда өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик түзүмдөрдүн качкындар менен өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле качкындарды кабыл алууда жергиликтүү бийликтин милдеттери жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди. Семинардын жүрүшүндө качкындарды туура кабыл алуу жөнүндөвидеоролик көрсөтүлгөн.
Окуу семинардын алкагында брошюралар, китептер дисктер угуучуларга таркатылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ