Иштей алабы, иштей албайбы дебей туруп ар кимди ишке коё турган жападан жалгыз кыргыз өлкөсүндө сулуу айымдардын баркы өсүп тураары турган иш. Фактылар да көп. Кайсы бирин айталы. Ырас, сулуулардын арасында «суйкайып» жүрүп иш тизгинин эптей албагандары, сулуулугуна жараша «тиги колдоочусунун» аракети менен ишин алып кеткендер, анан албетте, өз иши менен ийгиликке жеткендер да жок эмес. Айткыбыз келгени, баягы Социалдык өнүктүрүү
министрлигине орун басар болуп барган «сулуушка» бар эмес беле, Лунара Мамытова деген. Дээринде бар кыз эмеспи, жумушун кичине өздөштүрүп калганын эшиттик. Учурунда бул айымды да бир топ тепкиге алгандар болгон. Сулуулугу, кызыгы кызматка алып келди деген өңдүү. Лунара айым кантсе да коомчулуктун жүзүнө чагылып калган да. Кудай буюрса, түбөлүгү түз болчудай, кашайып баарын үйрөн уп бүткөн күнү кызматтан түшүп калбаса эле болгону.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ