Menu

Тажикстанда өспүрүмдөрдү “жихадга” үндөгөн адам 14 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Душанбе шаардык соту жашы жете элек балдарды «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун катарына кошулууга азгырган жана тажик-ооган чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган деп айыпталган жергиликтүү тургун Сухроб Хасановду 14 жылга эркинен ажыратты.

Соттун өкүмүнө ылайык, ал жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өткөрөт. «Айыпталуучу жашы жете элек балдарды башка өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерге катышууга үндөгөн», — жазылган өкүмдө.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Сухроб Хасанов өспүрүм балдарды ИМ тобунун Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттери тууралуу видеолорду көрсөтүү менен азгырып келген. Былтыр мартта ал Мустафо Курбонов жана Хабибулло Давлатов аттуу эки баланы Ооганстанга «жихадга» барууга көндүрүп, сентябрда төрт өспүрүм менен бирге тажик-ооган чек арасынан өтүүгө аракет кылган маалда кармалган.

Азырынча кармалган өспүрүмдөр кандай жазага тартыла тургандыгы белгисиз. Душанбе шаардык сотунан Сухроб Хасанов күнөөсүн мойнуна алганын билдиришти. Бирок бул маалыматты текшерүү үчүн анын туугандары же адвокаты менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: