Menu

Президенттик креслону кыялданган тыңчыкмалар кимдер?

Бөлүшүү:

Албетте, президенттик шайлоого аттана турган талапкерлер арбын эле болот. Мен ошолордун болжолдуу тизмесин карап, өзүмдүн ой-жорумумду алдыңыздарга сунуштап турам. Бул менин жеке пикирим. Балким, дагы башка талапкерлер боюнча сөздү барган сайын козгой беребиз. Азырынча береги атактууларга назар буралык…

А.Жээнбеков СДПКдан талапкер болсо, эл колдоосуна татыйбы?

Спикерлик кызматтан Асылбек Жээнбековдун кеткени, агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болгону коомчулукка анчалык деле жаңылык болгон жок. Президенттин көтөрмөлөөсү менен карьера жасап аткан үй-бүлөлүк клан катары бааланууда. Негизинен шариповичтер тил алчаак, жоош болгондугу үчүн кресло бактысына жеткендей… 2017-жылкы президенттик шайлоого чейин А.Жээнбеков көшөгө артында депутаттык милдетин аткарып турса, анын саясый оюндарга анчейин аралашпаганы – булганбай сакталышын айгинелейби? Убагы келгенде СДПКнын талапкери катары чыгып, бийлик эстафетасын кайрадан колго алары болжонууда. Мындай шартта Асылбекке кө-өп тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн, ошол эле Кыргызстандын түштүк региону аны Өмүрбек Текебаевдей тергешип, “сатылып кетти” деген жарлыкты тагышпайбы? Дал ушундай лозунг оппоненттер тарабынан жасалышы турган иш. Карапайым эл эч качан бөлүнбөйт, бу жагын саясатчылар өз максаттарына жетүү үчүн аркалап келишүүдө. Ошондой кырдаал түзүлүп, жалпы элдин астында А.Жээнбековду колдоо кыйынга туруп калса, анда бийлик башка талапкерге токтошу мүмкүн.

Жээнбеков

А.Мадумаров шайлоодо А.Келдибековго жол бошотушу мүмкүн

Учурда президенттик шайлоо боюнча өз ойлорун ачыктай элек кызыктуу персоналар арбын. Ошолордун көч башында Ахматбек Келдибеков менен Адахан Мадумаров бар. Соңку маалыматтарга караганда, эки үлкөндүн мамилелери жакындашып атканы, аламан байгени алууда кимисинин шансы жогору болсо, бири-бирине жол бошотушары каңкууланды. Билесиңер да, Ахмат мырзага Бишкек шаардык соту тарабынан 10 миллион сом айып пул катары салынган, эгерде бул сумманы мамлекетке төлөп койсо, мыйзам алдында соттолгону жоюлуп, колу-буту бошоп каларын юристтер айтышууда. Ошондо Келдибеков таасирдүү Мадумаров менен теңата эсептешип, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ортого жаят. Электораты жагынан экөөнүн салмагы тең чыгышы мүмкүн. Бирок, Ахмат мырза финансы жагынан күчтүүлүгүн, уюштуруучулук жөндөмү жогору экенин баса белгилеп, А.Кимсанбаевичти сүрөөнчү катары пайдалансачы? Албетте, болушу мүмкүн. Ал эми Жалал-Абад аймагынан Камчыбек Ташиев жөн жатпай досу үчүн иштеп берет. Камчы мырза деле түшүндү, өзүнүн шансы жок экенин көрүп туруп, келечекте биригүү аркылуу гана бийликке жетсе болоорун… Эсиңерде болсун, президенттик шайлоого чейин Келдибековго дагы “бирдеме” эле ойлоп табышпаса, бул эми чоң баш ооруну жаратканы турат…

Келдибеков

Темике “полевой командирлер” менен баш кошсо…

Башка атаандаштарына караганда, Темир Сариевдин Москвадан колдоо табаары, орустар үчүн ийкемдүү фигура болгонун билесиңер. Мисалы, ЕАЭБге тездик менен Кыргызстанды мүчө кылып койбодубу. Регионалдык жагынан добуш алууда Темике кыйналышы мүмкүн, ооба, “экинчи Бакиев келгиче” деп, түндүк регион колдогону менен түштүк тараптан кантет? Балким, Мелис Мырзакматов менен Москва сүйлөшүп, Сариевге үзөңгүлөш катары байлап береби? Азырынча “акшумкарчынын” командасы да алсыз, партиясы тарап кеткен, бийлик ого бетер жектеп, басышы ыктымал. Мындай шартта өжөрлөнгөн Сариев чын эле Мырзакматов сымал оор салмактуу “полевой командирлер” менен баш кошпосо, өз алдынча маарага келүүсү кыйын… Дагы бир жагдай, тендер чуусу боюнча бийлик экс-премьер-министрди кысып, кылмыш ишин козгоо боюнча команда толук кандуу берилсе эмне болот? Мындай шартта Сариев эч сарсанаага батпай эле Убактылуу өкмөттүн “ички кухнясындагы сырларды” коомчулукка жарыялап жибериши мүмкүн. “Душманга таба, доско күлкү” болбойбу ошондо?..

Сариев

Генерал бийликке каршы талапкерлерди ирилештирүү жагын колго алабы?

Буга чейинки шайлоолордон эл көрдү. Бизнесмендер, бийликтин эсебинен байыган маслократтар келип эле добуштарды “саап” кетишкенин. Жыйынтыгында, карапайым калк 5 жыл бою оозун ачып, баягы шайлаган депутаттарын көрүшү кыяматка айланат. Мындан улам коомчулук байлардын акчасын алып, алардын ордуна мамлекетчил фигураларга ыкташы мүмкүн. Бу жагынан Өмүрбек Суваналиевдин позициясы жакшы, эгерде президенттик шайлоого аттанса (мурда дагы катышкан), ички-сырткы спонсорлорго муктаж болот. Эң башкысы, генерал шайлоого сарптай турган финансы маселесин чечип алса эле, башка атаандаштарын тебелей турган күчкө айланат. Кыргыз эли деле таза кадрларды баалай турган убакка келди окшойт, качанкыга чейин байлардын акчасына алдана беришет? Бу өңүттөн Суваналиев башкаларга караганда упай топтошу турган иш. А күрөштүн реалдуулугу канчалык деңгээлде болот? Балким, бийликтин талапкерин жеңүү үчүн ирилешүү жагынан оппозициячыл күчтөрдүн биримдигин түзүүдө генерал башкы ролду ойнойбу?..

Суваналиев

Көздүн карегиндей айланган БӨТ

“РАЖдын” лидери Өмүрбек Бабановдун аламанга ат коюшу бийликтен көз каранды. Эгерде шайлоо астында Алмазбек Атамбаевдин таасири дал азыркыдай болуп турса, анда БӨТ бийликтин айтканынан чыга албайт. Жогорку жактын буйругуна жараша ийиле кызмат кылып берет. Көздүн карегиндей айланган сымал… Эгерде А.Шаршеновичтин бийлиги алсырады дегиче, Өмүрчик дароо “куйругун түйүп”, өз алдынча талапкер катары булкунуп чыга турганы ажеп эмес. Буга чейинки Бабановдун жүрүштөрүн көрбөдүкпү, бу жигит кырдаалга жараша саясый оюндарды жүргүзө турганы айдан ачык.

Бабанов

Күлүктөн күлүк ашат, а Абдиль Сегизбаевчи?

Эң алгач биздин гезит жазды эле. Ошол кезде, УКМК төрагасына жаңы дайындалган Абдиль Сегизбаевдин мураскер болуу бактысы боюнча божомолдоп. Эң башкысы, жетекчи катары адилеттүү, калыс болсо, мурдагы чекисттердей саясатчыларды, журналисттерди ыксыз каралоого барбаса, улутубуздун коопсуздугун сактоо үчүн жандили менен иштесе, кыскасы, өзүнүн функционалдык кызматын так аткарса эле кадыр-баркы эл ичинде өсө берет. Учурда коомчулук ичинде Абдиль Сегизбаевдин президенттик шайлоого чыга турганы боюнча ар кандай талкуулар болууда. Мына ушул жагынан оң пикирлер көбөйсө, элге жугумдуу болсо, башка оппоненттерине караганда көрөгөчтүгүн көрсөтсө, албетте, шансы чоң! Абдиль мырза таасирдүү күч органына жетекчи болуп, камчы салдырбай иштеп кетти. Өзү аналитик катары да алдын-ала саясый кырдаалга ой жүгүртө билерин эшиттик. Ал эми 11 жыл мурда, Акаевдин убагында жаштык кылып, пиар иштеринен жаңылып алганын билебиз. Негизи адам баласы ката кетирет, жаңылат, бирок, ошол кемчиликтерден сабак алып, алдыга жаңылануу үчүн умтулса, эмнеге жээришибиз керек? Дүйнөлүк практикада дагы ушундай, адам катачылыктарын оңдосо, саясаттан жол таап кете берет… Кызыгы, президенттик шайлоого бир жарым жылдан ашык убакыт бар. Саясый оюндар бир топ өзгөрөт, эгерде Алмазбек Атамбаевдин көңүлүнө Абдиль мырза чындап жакса, жакын адамы катары өйдө түртүшү мүмкүн. Ошондо коомчулукка, карапайым калкка жакындашуу жагы түйшүк жаратат. Себеби, эл менен ичкериден, тыгыз иштешүү жагы али быша электей…

Абдил

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: