Menu

Баткендин башчысы Согдиге сапарлап барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жумушчу сапары менен Тажик республикасынын Согди облусуна барды. Аны коңшу мамлекет менен чектеш Баткен облусунун район-шаарларынын башчылары коштоп жүрүштү.

Эки тараптуу жолугушуу маалында ирегелеш эки облустун соода экономикалык, социалдык-маданий жана башка тармактар боюнча жетишилген ийгиликтери туурасында айтылды. Ошондой эле 2018-жылдын 1-2-февралында Тажик Республикасынын Душанбе шаарында өтүүчү эки мамлекеттин президенттеринин катышуусундагы расмий жолугушуунун алкагында аталган эки облустун жетекчилери кол кое турган 2018-2020-жылдарга Баткен-Согди облустарынын кызматташуу планынын долбоорун дагы кең-кесири талкуулашты. Ушундан соң Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жана Тажик Республикасынын Согди облусунун төрагасы Раджоббой Ахмадзода Согди облусунун ардагерлери жана эмгек алдыңкылары менен сый тамак үстүндө кенен-чонон баарлашты. Карыялар коңшулаш эки облустун жетекчилеринин Кыргыз-Тажик элинин ынтымагын, алакасын арттыруу аракетин жогору баалашып, ак баталарын дагы беришти.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: