Menu

Абдижамил Бегматаев: “ДТП деп, суудан кургак чыгуунун амалын издеп атышыптыр. Такыр беттери жок экен. Каяктагы ДТП, каяктагы кокустук?!”

Бөлүшүү:

Эки күн мурун Жогорку сотто уулунун иши 30-апрелге жылган Абдижамил Бегматаев биздин редакцияга кайрылды. «Мындан бир жыл мурун уулумду нефть ташуучу машине тепсеп, ошол жерден каза болду. А жерде эч бир кокустук жок. Атайын жасалганы айдан-ачык көрүнүп турат. Баламды тебелеп кеткен шопур өз жазасын алыш керек, айдаган машинеси мамлекетке өтсүн!» деди.

– Уулуңуз Максатбек Бегматаев мындан бир жыл мурун бу дүйнө менен кош айтышыптыр. Ошол күнгө бир кайрылып, окуя кандай болгонун айтып берсеңиз?

– Балам Кыргыз өндүрүштүк нефтегаз компаниясынын түштүк региону боюнча менеджер кызматында иштеп турган. Окуя 2018-жылдын 17-апрелинде болуп атат. Қара-Балтадан Ош шаарына келген унаадан 733 литр солярка жетпей калганын ошол жердеги операторлор менен бирдикте менин балам тапкан.

– 733 литр жетпегенин эмне аркылуу аныктаган?

-Жетишпестиктин себеби болуп калибровочный планка деп коёт экен, ошонун үчөө стандарттуу талапка жооп бербептир. Андан сырткары, госстандарттан берилген калибровочный күбөлүк ручка менен оңдолгон. Ушундан улам «госстандартка барып текшертебиз» деп анын жетекчисине телефон аркылуу чыгат. Жетекчиси «бүгүн жумуш күнү бүтүп калды, эртең кылалы» дейт. Уулум бул боюнча өз жетекчисине чалганда, «кетип калбасын, техталондорун алып кал. Эртең териштиребиз» деп балама тапшырма берет. Максат айдоочуга келип, «директорубуз сенин техталондоруңду алып кал, түнөсүн, эртең териштиребиз деп атат» дегенде, айдоочу ачууланып, «үйүмдө коногум бар, кетишим керек. Керек болсо дарбазаңарды бузуп болсо да кетип калам» деп өзүн токтото албай, балам менен кайым айтышып кетет. Аны угуп турган кароолдор «машинени бу жерге калтырбайбыз, сыртка чыгарып коёлу. Мындайдын бизге кереги жок» дешет. Айдоочу сыртка, камерасы бар жерге машинесин токтотот. Уулум «мусапыр экенсиз, менин үйүмө жатып алыңыз. Эртең чогуу келип госстандартка барабыз. Эгер баары жайында болсо, ошондон ары кете берсиз» десе, тиги шопур аткез берип, «барбайм» дейт. Балам үйгө жети жарым-сегиздерде келди. Кирип эле «ава, мен көптөн бери ачылбай жүргөн кылмыштын бетин ачтым. Бүгүн 733 литр солярка жетишпеген водителди таптым» деди.

– Бул жагдайды сиз кандай кабыл алдыңыз?

– Кандай кабыл алмак элем, насаат иретинде «балам, мындай ишти жетекчиңе айттыңбы, жамаатыңа айттыңбы?» дегиче, уулум кайрадан соткадан «шеф, баягы иш толук кандуу бүтпөй калды. Эртең ушул иш боюнча сизге сөз тийген болсо капа болбойсузбу?» деди. Шефи эмне деп айтканын билбейм. Эртеси уулум жумушка кетти. Мен дарыланып аттым эле. Апасы саат ондон эки мүнөт өткөндө баласына чалып, уулу менен сүйлөшөт. Сүйлөшүп аткан мезгилде «апа, мени чакырып жатат. Мен анан өзүм чалам» дептир…

– Бул эми уулуңуздун акыркы сүйлөшүүсү болуп атабы?

– Ооба, акыркы сүйлөшүү болуп атат.

– Андан аркы окуя кандайча болгон?

– Андан аркы окуяны жанагы сырттагы видеокамерада калган элестер боюнча айтып берейин. Балам видеокамерада көрсөткөндөй, офистен чыгып, автоунаанын алды жагына айдоочуга барган жана телефондо сүйлөшүп турган мезгилде, ондон алты мүнөт өткөндө машина жылат. Жөн да жылбай, аябай катуу курч абалда айдап жөнөйт. 3-4 метр аралыкта турган баламды тебелеп, 70-100 метр аралыкка чейин сүйрөп барып машине токтойт. Баламдын чөнтөгүндөгү кечинде алып койгон документтерди алып, айдоочу качып кеткен болот. Уулумдун жансыз денеси ошол жерде жарым саатча жатып калыптыр… Муну атайын кылды. Бул эч кандай кокустукка жатпайт. Баары ойлонулган. Ошол 2018-жылы күздө баламды үйлөнтөйүн деп тургам…

Күтүүсүздөн болгон бул окуя мени огобетер оорукчан кылды. Апасы андан бетер. Бир башкача балам бар эле, эстеген сайын сай-сөөгүм сыздайт, жанымды коёрго жер таппай кетем.

– Сотко кайрылыпсыздар. Ушу жагы кандай болду?

– Ушу кезге чейин апасы экөөбүздүн көз жашыбыз кургай элек. Жүрөгүбүздөгү жараны соттордун чыгарган ар кыл чечимдери ого бетер күчөтүүдө. Бул дүйнөдө балаңдан артык эмне бар?! Ушуну соттор түшүнбөй атышат. Биринчи инстанция деген Кара-Суу соту реалдуу чечим чыгарып, биз канаатгангандай болгонбуз. «18 жылга катуу тартиптеги түрмө, курал катары колдонгон автоунаа жана үй мүлкү мамлекеттин пайдасына алынсын» деп өкүм чыккан.

– Тиги тарапчы?

– Алар Ош облустук сотко апелляция беришти. «12 жыл, алты ай, автоунааны ээсине кайтарып берүү» деген чечим чыгарышты. «Мындай чечимге нааразыбыз» деп биз таптакыр каршы болдук да, Жогорку сотко кайрылдык. Тиги тарап да кайрылып, бул ишти эми «ДТП» деп, суудан кургак чыгуунун амалын издеп атыыптыр. Такыр беттери жок экен! Каяктагы ДТП, каяктагы кокустук?! Мен алардын ушундай ойлорун укканда огобетер ачуум келип, Жогорку соттон өмүр бою эркинен ажыратууну суранып атам. Баланын өлүмү оюнчук эмес! Меникиндей тагдырды керек болсо ошо тараптын бирөөсүнө да каалабайт элем.

– Ал тараптан «мынча акча берели, сиздин моралдык, материалдык ж.б.» дегендей…

– Тажибековдун туугандары келишти. Орозонун улуу күнү эле. Аларды кабыл алдым. Ата-энесинде эч бир күнөө жок. Жылуу-жумшак тосуп алдым. «Сиздерде эч бир күнөө жок. Бирок, Кудай алдында, мыйзам алдында балаңар кылган кылмышы үчүн керт башы менен жооп бериши керек. Менин балам өлдү, аны эч ким кайтарып бербейт. Жана сиздер сунуштаган жарым миллион сом да уулумду тирилте албайт. Алып келген пулуңуздардын эч бир тыйынын коротпой алып кеткиле. Балам мен үчүн баа жеткис!» деп узатып койдум.

– Жогорку соттон кандай чечимди күтүп атасыз?

– Бир эле нерсе: 30-апрель күнү адилеттүү чечим чыгарып беришсин! Башка айта турган сөзүм деле жок.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: