2016-жылдын 24-мартынан 26-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырымдары) автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Жалал-Абад облусу
Сузак районунда 2016-жылдын 23-мартында Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылында саат 08:30 чамасында жер көчкү түшкөн. Жер көчкүнүн көлөмү 52000м3 түзөт.
Суу каптоо коркунучунун алдын алуу максатында, жер көчкүнү тазалап суунун нугун буру иш чаралары 24-март күнү жүргүзүлуп бүткөрүлдү, Алмалуу-Булак айылында 55 кожолукту суу каптоо коркунучу жоюлган.18 үйдө электр энергиясы жарыгы берилди.
Нарын облусу
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2016-жылдын 24-мартында жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:19 чамасында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Нарын облусунун аймагында Ак-Шыйрак тоо кыркаларында Ак-Талаа районунун Конорчок айылынан түштүк тарабынан 17 чакырым алыстыкта, Чолок-Кайын айылынан түндүк-чыгыш тарабынан 18 чакырым алыстыкта, Ак-Кыя айылынан түндүк-батыш тарабынан 20 чакырым алыстыкта, Тогуз-Тороо районунун Казарман айылын түндүк-чыгыш тарабынан 53 чакырым алыстыкта, Арал айылынан чыгыш тарабынан 65 чакырым алыстыкта катталган.
Жер титирөө Жерге-Тал, Чолок-Кайын, Конорчок айылдарында 4 балл, Ак-Кыя, Көк-Жар, Жаны-Талап айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ