Menu

Жалал-Абадда кургак учук оорусуна каршы “Тегерек стол” жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-мартта  Жалал-Абад шаарындагы “Мөлмөл” мейманаканасынын конференц залында “Калктын кургак учук оорусу туурасында  кеңири маалымат алуусун жакшыртуу жана облус аймагында кургак учук менен ооругандарга жардам көрсөтүү” деген аталышта “Тегерек стол” жыйыны болуп өттү. Анын ишине облустук саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери, айылдык ден соолук кеңештеринин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү  катышты. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Кургак учук оорусуна каршы күрөшүүгө арналган “Тегерек стол” жыйынын Жалал-Абад облусттук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Гүлнара Маматалиева ачты. КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Гүлзат Аширова мамлекет тарабынан кургак учук оорусунун алдын алуу, бул дарт менен жабыркагандарга мамлекеттик кепилдик программасына ылайык жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берди.

“Тегерек стол” жыйынынын катышуучуларына кургак учук оорусунун Жалал-Абад облусундагы эпидемиологиялык абалы туурасында Жалал-Абад шаарындагы Р.Г. Бауэр атындагы облустук кургак учук оорусуна каршы борборунун директору Бурулкан Кадырова кеңири баяндама жасады.

–    Облустук кургак учук оорусуна каршы борборунда 1983-жылы 500 койка керебет болсо азыркы мезгилде 373 керебет койка иштеп жатат. Мындан сырткары Чаткал районунун Шакафтар айылында 60 орундуу, Токтогул шаарчасында 40 орундуу кургак учук оорусуна каршы ооруканалар иштеп жатат. Сузак менен Ала-Бука районунда кургак учук оорусуна каршы диспансерлер жабылып, Базар-Коргон районундагы 35 орундуу кургак учук диспансери облустук борборго карап калды. 2015-жылы 868 кургак учук оорусу менен ооругандар аныкталган болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 981 оорулууга өскөн. 2015-жылы кургак учук оорусунан 61 адам каза болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 9 адамга азайган. Облус аймагында кургак учук оорусу менен ооругандардын көбөйүүсүнө сырткы жана ички миграциянын тийгизген таасири чоң болууда. Атап айта турган болсок, 2016-жылы 981 адам кургак учук оорусу менен ооруп катталган болсо, мунун ичинен 224 адам ички жана сырткы мигранттардын эсебинен болгон. 2015-жылы кургак учук оорусунан 2 бала каза тапса, 2016-жылы кургак учук оорусунун туруктуу формасына өтүп кеткен 9 бала аныкталган. Облус аймагында кургак учук оорусунун туруктуу түрлөрү көбөйүүдө. Алсак, 2015-жылы 232 адам кургак учук оорусунун туруктуу түрүнө кабылган болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 250 адамга өскөн. Анын натыйжасында кургак учук оорусунун туруктуу түрүнөн каза болгондор көбөйүүдө.

Жалал-Абад облустук кургак учук оорусуна каршы борборунда Германия өндүрүшүнөн чыгарылган уникалдуу рентген аппарат 2016-жылы бузулуп иштебей калды. Бул маселе боюнча германиялык адистерге кайрылсак, “Аппарат 15 жыл иштептир, эми анын иштөө мөөнөтү бүттү” деген тыянак жоопту беришти. Учурда алып жүрүүчү портативдик рентген апаратын алып иштетип жатабыз. Ал болгону өзүбүздө жатып дарыланып жатышкан бейтаптарды тейлөөгө гана мүмкүнчүлүгү бар. Анан калса бизде иштеген дарыгерлердин 70 пайызы пенсия курагындагы дарыгерлер. Жаш дарыгерлерди бул жерге чакырып иштетүү кыйын болуп жатат. Ошого карабастан 2016-жылы 5 жаш дарыгерлерди ишке чакырып, алар бизде туруктуу түрдө иштеп калышты. Биздеги негизги көйгөйлөрдүн бири кургак учук оорусу менен ооругандардын жогорку деңгээлде кармалып туруусу жана дарыга туруктуу кургак учуктун көбөйүүсү болуп калууда,- деди Жалал-Абад облустук кургак учук оорусуна каршы борборунун директору Бурулкан Кадырова.

“Тегерек стол” жыйынында “Кургак учукту жеңебиз” USAID долбоору тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында аталган долбоордун максаттары жана аткарылып жаткан иштер жагдайында долбоордун адистери Чолпон Ибраимова жана Дильшат Хаитов кеңири маалымат беришип, “Тегерек столдун” катышуучулары тарабынан берилген суроолорго ынанымдуу жоопторду беришти.  Кургак учук оорусунан айыгып кетүүгө толук мүмкүн болсо да, бул оору саламаттыкты сактоо тармагынын учурдагы олуттуу көйгөйү болуп келүүдө. Кыргызстанда кургак учук оорусу менен күрөшүү боюнча “Кургак учукту жеңебиз” USAID долбоорунун 5 жылга эсептелген долбоорунун башкы максаты кургук учуктун оорчулугун жеңилдетүү болуп саналат. Эң башкысы дарыга туруктуу болуп калган кургак учуктун жайылышын басаңдатуу, кургак учук боюнча сапаттуу медициналык кызматтар жана жардамдар менен калктын аярлуу топторун жалпы жана бирдей камтууга жетишүү болуп саналат. ВОЗдун статистикалык маалыматына таяна турган болсок, жыл сайын дүйнөдө кургак учук менен 9 млн. адам ооруйт. Ал эми Кыргызстанда жыл сайын 5 миң адам кургак учук оорусун жугузуп алат. Кыргызстанда 3 миңден ашуун көп дарыларга туруктуу кургак учук менен жабыркаган оорулуулар катталат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: