Азимбек Бекназаров баш болгон оппозиция лидерлери 24-мартта Ошто чоң митинг өткөрүп, 2005-жылдагы март жана 2010- жылдагы апрель революцияларына баа берип, азыркы бийликтин ишмердүүлүгү тууралуу да өз ойлорун айтышмак. Бул аралыкта Аксы менен Ала-Бука райондорун бириктирген 1800 метр талаштуу деп аталган аймакка Өзбекстан армиясын киргизиши кырдаалды ого бетер курчутуп жиберди окшойт.
Анткени биздин бийлик менен оппозиция сырткы душманды унутуп коюшуп, бири-бирин каралоого өтүштү. 22-мартта Кыргызстанда оппозиция лидерлери бийликти басып алууну пландап жатканы тууралуу видео интернетке тарап кетти. Тасманын башында «Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Дуулатбек Турдуналиев Азимбек Бекназаров менен бирге 14-мартта Талас менен Жалал- Абадда, 24-мартта Ошто башаламандык уюштуруп, бийликти басып алганы жатат» деп жазылган. Ичинде Кадыров, Турдуналиев жана Асановдун сүрөтү коюлуп, үч кишинин жашыруун сүйлөшүп жаткан аудиосу коюлган.
Тасмада бийликти басып алгандан кийинки кадамдар, канча адам чогулары, уюштуруу иштери кандай болору жана кызматтар кандай бөлүштүрөлүү тууралуу айтылган. Б.Асанов бул тасманы чагымчылык деп атады. Деги тынч эле болсок экен.
Булак: “Майдан.кж”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ