Menu

Манас Осмон, журналист: “От күйгөн Сирияда 8-күн”

Бөлүшүү:

Түркиянын аскердик операциясы Сириянын Тел Абяд жана Расулян аймактарында уланып жатат. Коргоо министрлигинин берген маалыматы боюнча, 8 күн аралыгында 637 террорист өлтүрүлсө, 1000 километр аянт менен 42 объект бошотулган. Көп сандаган террористтердин ыктыярдуу түрдө багынып бергени кабарланууда. Бирок, Күрдистан Демократиялык сол партиясы, Элдерди коргоо кыймылы жана Күрдистан ишчи партиясы деген күрт террористтик уюмдарына Сирия президенти Бешар Эсаддын жоокерлери келип кошулгандыгы тууралуу маалыматтар тарады.

Дүйнө коомчулугу түрк мамлекетин айыптап, аскердик операцияны токтотууга чакырып жатса да, президент Режеп Таййип Эрдоган “мындан аркы багыт Мүнбич аймагы аркылуу Ирак чек арасын кесип өтүп, ал жактагы террористтерди талкалоо” – деп билдирүү жасады.

1948-жылы Түркиянын Шаңдуу Урфа шаарында төрөлүп өскөн, Анкара Университетинен билим алган теги күрт Абдуллах Өчаландын кол башчылыгында 1978-жылы түзүлгөн “Курдистан Ишчи Партиясы” Түркия менен жаңжалдашканына быйыл 40 жыл толот. Ал аралыкта жүз миңдеген адамдар өлүп, дайынсыз жоголгондорунун эсеби жок. 1999-жылы Нигерияда түрк өкмөтүнүн тузагына түшкөн Абдуллах Өчалан 20 жылдан бери түрмөдө отурса да, кыймылдын иши күн бүгүнкүдөй уланууда. Түркия 40 жылдан бери кошуналары Грецияны, Сирияны жана Иракты терорристерге кучак ачкан өлкө катары күнөөлөп, бир канча жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгени менен андан натыйжа чыкбады. Кайра, Сирия жана Ирак бийлиги Түркия менен чектешкен Тел Абяд, Расулян, Мүнбич аймактарына күрт баскынчыларын конуштандырып келди. Мындан 7 жыл мурда ИГИЛ Сирия менен Иракты кызыл кыргынга салып, натыйжада миңдеген адамдар көз жумду. 5 млнго жакын адам мамлекетин таштап качты.

Мына ушул маалда Түркия 3 млн арап качкынына эшигин ачып, Болгария аркылуу Европага өтө качууну көксөгөн араптардын агымын токтотуп калды. Бул кызматы үчүн Европа биримдиги качкындар үчүн чоң каражат убада кылып, бирок, арадан жети жыл өтсө да, убада кылынган каражат келбей, же, качкындар кайра өлкөсүнө кайтпай Түркияны бушайманга салды. Ердоган бийлиги өлкөнү арапташтыруу менен күнөөлөнүп, качкындарга ар кандай жеңилдик берилип жатат деп нааразычылык күч алды.

Мына ушул сыяктуу себептерден улам ачууланган Эрдоган мындан бир ай мурда “чек араны ачам, 3 млн арап качкыны Эвропаны каптайт” – деп катуу коркутту. Мындай билдирүүсүн БУУнун бийик трибунасында да кайталады. Анан көп өтпөй эле дипломатиялык жолугушуулар күч алып, бир канча сүйлөшүүлөрдөн кийин Түркия 40 жылдан берки баш оорусун айыктырып алууга дүйнөнүн кожоюндарынан уруксат алды. АКШ аталган аймактардагы аскерлерин чакыртып алды. Оруссия, Венгрия жана Европанын айрым өлкөлөрү Түркиянын аскердик кадамына колдоо көрсөтүштү. Бирок, кайра түшүнүксүз кадам таштаган АКШ тез арада жаңжалды токтотпосо, Түркияга экономикалык санкцияларды киргизем деп албуттанып жатат. Түркия болсо, аталган аймактарды террористерден арылтып, өлкөсүндөгү 3 млн качкынды ошол жерге жайгаштыруу аракет көрүп жатканын билдирүүдө.

Манас Осмон, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: