Menu

Айниса Кулматова: КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор: «Сөз байлыкка көбүрөөк көңүл бөлүү керек»

Бөлүшүү:

 

Тил-байлык, бүтпөс казына. Кылымдар бою кырылбай келген улуу тилибизди бүгүн олуттуу маселеге айлантып салдык. Эмнеге? Бул жөн гана мамлекеттин түптөлүшүндөгү кыйынчылыктардын бири деп баа берсе, бири бул кыргыздын кайдыгерлиги дейт. Качан мамлекет кыйынчылыктан арылабыз дагы, кыргыздын кайдыгерлиги качан токтолот деген  суроо туулат. Кечээки баатыр, тилим, мекеним деп доолбас урган кыргызга  бүгүн эмне болду? «Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан дарт жаман» демекчи, өзүбүздү-өзүбүз таптаганды качан токтотобуз? Мындай суроо көп, ал эми жооп жок. Тилим деп күйүп, айтып да, жазып да, ырдап, да ыйлап да, шыбырап да, кыйкырып да келебиз. Азыр бир убактагы кош тилдүүлүктүн азабын эми тартып жаткандайбыз. Кезектеги маегибизде эже болуп тил маселесине саресеп салып отурдук.

– Эже, кош тилдүүлүктүн кереги барбы бизге?

– Кош тилдүүлүк 1987-жылда башталды. Биздин мамлекетте жашаган адамдар эки тилди кыргыз, орус тилдерин билсин деген.  Бардык жерде орус тили катуу окутулуп жатты. Ошол жылы «Кыргыз тилин үйрөнөбүз» («Учимся говорить по киргизски») деген алып баруу чыккан. Негизги максаты кыргыз тилин үйрөтүү болчу. Мектеп балдарынан баштап чоң кишилерге чейин көрүп окушаар эле. Программада баардыгына байланышып эң жөнөкөйдөн жогору карай кыргыз тилинде сөздөр кандай айтылат, кандай мааниге ээ, эки тилдин ортосунда кандай айырмачылык бар, ушундай нерселерди үйрөтүп. окутуп баштаганбыз. Каттар да аябай көп келээр эле. Өзгөчө айыл тарптардан окуучулардан көп келчү, орус тилин үйрөнүп жатабыз деген. Ошондо орус тилине көбүрөөк басымдуулук болгон. Ал эми кыргыз тилин билебиз дегенсип окушпаса керек.

Өткөндө сыналгыдан көрүп калдым, бир кыз айтып жатат – эгерде кыргыз тилинде сүйлөө мода болсо сүйлөмөкмүн деп. Анан ойлоп койдум кыргыздын жаштарын кызыктырыш үчүн, кийинки жылдын модасы кыргызча сүйлөө керек деп жар салуу керек экен деп. Бул жаштардын ой жүгүртүүсү. Эне тилибиздин көйгөйлөрү менин жүрөгүмдө тээ 70-жылдардан бери жүрөт. Эмнелерди гана көргөн жокпуз. Мисалы, мурун мен кезекте туруп өз тилимде сүйлөсөм орустун кемпирлери сен эмнеге кыргызча сүйлөйсүң, орусча айт деп жаман көрүшөөр эле. Бир жолу урушуп да кеттим. Сен кимсиң, бул менин жерим, менин элим, менин тилим сүйлөйм, керекпи үйрөн деп. Мындай көрүнүштөр азыркы заманда көп. Ушулар адамдын психикасына абдан таасир берет экен. Кыргызды өз жеринде кыргызча сүйлөтпөй коюшту. Айылдан келген жакшынакай улан-кыздарыбыз шаарга келсе эле орусча сүйлөп калышат. Туура болсо бир жөн. Ошолорго кээде айтам, кыргыз болгондон кийин өз тилиңде сүйлө дейм. Кээ бири түшүнөт, кээ бири таарынат, жактырбайт. Бизде кыргызда кандай сонун макал-ылакаптарыбыз бар. Кыргызда нечен кылымдар бою жашап келе жатышат. Акылман даанышмандар айтып анан ошолор элдин оозунда калып калышкан да. Байдылда Сарногоевдин: «Эне тилин билбеген эси жогун аныктайт, Эне тилин сүйбөгөн элин сүйүп жарытпайт» деген ыр саптары ушунчалык таамай айтылган сөздөр. Биздин орус мектепте окуган балдарыбыз эне тилин сүйбөйт. Кыргыз тили эмне болуп кетсе дагы аларга бары бир. Себеби алардын дили кыргыз болбой калат. Атамдын эжеси айтып калаар эле: «Ай балдарыңарды орус мектепке берип бузуп атасыңар. Булар каирдин, боору жок болуп калат»-деп айтканы эсимде. Чындыгында ошол кездеги адамдар көсөм экен. Ошондой эле болуп жатат. Мен балдарымдын баарын кыргыз мектепте окуттум, неберем дагы кыргыз класста окуйт үйдө да кыргызча сүйлөгүлө деп талап кылам. Негизи ойлойм эч качан кыргыз-орус мектептерин параллел кылбаш керек. Орус мектебин өзүнчө, кыргыз мектебин өзүнчө кылуу керек. Эмне үчүн кээ бир ата энелер балдарын кыргыз мектепке бербей калышты түшүнбөйм. Айтышат мугалимдер аз экен, китептер жок  деп. Кеп баланын дээринен анан үйдөгү тарбия, андан кийин мугалимдин тарбиясы. Балдардын сөз байлыгынын көбөйүшүнө дагы көбүрөөк көңүл бөлүү керек.

Ар бир кыргыздын сезиминде кыргыз тилин үйрөнөлү деген сезим болмоюнча, тил өнүкпөйт. Казактарды карагылачы такай казакча сүйлөшүшөт. Кичинекей балдары дагы. Себеби, 90-жылдардын башында Назарбаев ураан чакырган, ар бир казак казакча сүйлөшү керек кайда болсо дагы деген. Биз деле ошентели дейбиз бирок жок болуп жатпайбы.

– Кыргыз кичи пейил, меймандос калк эмеспи. Балким ошонун азабын тартып жаткандыр?

– Эми кең пейилдиги эмес жөн гана кайдыгер болуп калдык окшойт. Арабызда бир эле орус турса, ушул түшүнсө экен, түшүнбөй калбасын деп ошонун тилинде сүйлөйбүз. Ушул кең пейилдүүлүк келип эле тилибизге балта чаап атпайбы. Тил деп аракет кылгандар көп, бирок андан дагы көбүрөөк аракет кылышыбыз керек. Ар бир кыргыз үйүндө эле балдарына үйрөтсө жакшы болбойт беле. Аткаминерлердин балдары дагы билбейт. Аларда кыргыз тилин көтөрөлү деген ой да жок. Орустар дагы бут тозуп келе жатпайбы. Ой биздин тилде сүйлөгүлө, орус тили калып калат деп. Орус тили эч качан калбайт да. Бул кандай түшүнбөгөн жандар экенин түшүнбөйм. Кыргыз тилин зарылчылык менен үйрөнүү керек. Кыргыздын дагы бир кемчилиги, буйрук күтүп көнгөнбүз. Качан бир буйрук чыга калат, ошого жараша иш кылалы  деп. Өзүбүз иштешибиз керек. Дагы бир маселе жаш балдарга китептер жок Мисалы орустарда балдар үчүн «Мои первые книжки » деген сонун китептери бар. Ошондой китептерди чыгарса болот да кыргызча. Кичинекейлерге жокко эсе китептер. Азыркы бар бир аз китеп окусаң мааниси абдан төмөн, тили да начар, сүрөттөрү да начар. Балдарга эч кандай тарбия бералбаган андай китептердин эмне кереги бар.

– Сиз үчүн маданият деген эмне? Ушул суроого көбү толук жооп бере албай келет. Сиз кандай жооп берет элеңиз?

– Маданият бул адамдын ички дүйнөсү деп ойлойм. Эгерде адам өз ички дүйнөсү маданиятка, көркөм дүйнөгө койбосо, дээринде жок болсо ал адам маданиятты  түшүнбөйт, маданияттуу да боло албайт. Биздин ички көркөм дүйнөбүз менен жашообуз айкалышып жүрүп отурса жакшы да. Мисалы, биздин өткөн доорду карасаң Манаста деле байлар кедейлер деген катмарга бөлүнгөн. Маданиятты түшүнгөн, ашыкча сүйлөбөгөн манаптар болгон. Ал тургай ичкен тамагы дагы сыпаа болчу. Ал кезде маданияттуу дебей эле сыпаа дешкен экен. Ар бир кыймылы сыпаа болгон. Маданияттын үлгүсүн ошолор көрсөтүшчү. Анан кийинки ортодогу ааламдашуунун натыйжасында маданият деген түшүнүк кирди деп ойлойм. Биз кыргыз эли маданиятка бай элбиз. Кандай сонун каада салттарыбыз, үрп адаттарыбыз, тарыхый чыгармаларыбыз, залкар инсандарыбыз бар. Мына маданият деген ушул. Негизи айта берсе көп, бул терминди бир сөз менен айтып салууга болбойт. Маданият бардык нерсени камтыйт өзүнө. Ар бир кыргыз жараны маданияттын үлгүсү болууга тийиш, себеби биз кылымдарды карыткан улуу калкпыз. Көчмөн болуп тоо-ташта да маданиятыбыз калган эстелик болуп. Баары бир биз өзгөчө улутпуз деп ойлойм.

Айтаарым, мейли башыңдан кылымдын үрөйүн учурган кыйын кезең өтсүн, мейли дүйнөгө атагың чыгып таш жар өз элиңди, байлыгыңды, улутуңду, тилиңди унутпа. Кыргыз ушул тилде төрөлүп, ушул тилде кыргыз болуп түптөлгөн. Ушул тилде улуу тарых жазылган. Сатылбаган жалгыз тилибиз калды. Көздүн карегиндей сактап, ата-бабаларыбыздын мурасын улаган, улуу журт болушубуз керек.

Назира Эсенгулова

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: