Шаардык депутат Таалайбек Сагынов 20-ноябрда бүджет жана финансы боюнча жыйында вице-мэр Алмаз Бакетаевден 800 млн сом көлөмүндөгү тарнсфертти алуу боюнча суроо берип, “Чындап эле ала алабызбы?” деп сураган. Ошондо шаардык депутат Гүлнара Модобаева туурадан чыкты:
“Бизге акчанын которулушу боюнча кепилдик бериңиз, сиз Каржы министрлигинде иштегенсиз. Кат жаздык деп жатасыз, биз ал каттарды көргөнбүз, бирок алардан майнап чыкпайт”, – деди.
“Мен аларды атып салышым керекпи анан?”, – деп вице-мэр Алмаз Бакетаев нааразы болду.
“Түшүнөбүз, сиз өкмөт үчүн жооп бере албайсыз. Бирок министрликте иштегенсиз, кандайча таасир берүүнү билесиз, кепилдик алышыбыз керек”, – деди депутат айым.
“2020-жылга карата бүджет долбоорун кабыл алып берсеңер, ошол кепилдик болот”, – деди А.Бакетаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ