Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул чечим өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды бирдиктүү баалоо максатында кабыл алынды.
Ушул өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, жеке менчик түрүнө карабастан уюмдар жана ишканалар үчүн өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды бирдиктүү баалоо ченемдерин белгилейт.
Бул документти кабыл алуунун максаты өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоодо кызыкдар тараптардын көп жактуу катышуусуна жана аракеттешүүсүнө негизделген усулдук жардам көрсөтүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун уюштуруучулук-укуктук негиздери Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө» Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критейлери жөнүндө» токтому менен аныкталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ