Menu

Министр Каныбек Исаков Чүй облусундагы эки интернатка барып, алардын жашоо шартын көрдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-ноябрда Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Ысык-Ата районунда жайгашкан Дмитриевка жана Красная Речка көмөкчү мектеп интернаттарына барып, окуу жана жашоо шарттары менен таанышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, министрдин бул сапары президенттин интернат тибиндеги балдар мекемелерин реформалоо планынын жана инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү концепциясынын алкагында жасалды.

Жолугушууда Каныбек Исаков: “Көмөкчү мектептердеги ар кандай билим алуу муктаждыгы бар окуучулар интернаттарда эмес, жашаган жеринде, өзү курактуулар менен билим алышы керек. Мындай ыкма алардын үй-бүлөдө толук кандуу өнүгүшүнө жана коомдук жашоого активдүү катышуусуна көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзөт”, – деди.

Аталган эки көмөкчү мектеп интернаттарында 235 бала бар, алардын 80%ынын үй-бүлөсү Чүй облусунда жашайт. Ал эми 60 баланын ата-энеси Ысык-Ата районунун аймагында турат. Дагы 22 баланын жакындары Бишкек шаарында жашайт. Балдарды көмөкчү мектеп интернаттарына жайгаштыруунyн негизги себеби – ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн инклюзивдүү билим берүү шарттары жетиштүү деңгээлде уюштурулбаганы жана орто мектептерде сабакка жетишүүсүнүн начардыгы.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: