Menu

Максат Мамытканов: “Ачык-айкын шайлоону өткөрүү менен “саясий кереметке” жетиштик, эми “экономикалык кереметке” жетишүү мезгили келди”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын  (Финансы полициясы) иши менен таанышты.

Вице-премьер-министрдин м.а. экономикалык кылмыштуулук жаатындагы укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу, аны ачыктоо жана ага жол бербөө иретинде жаңыча мамиле зарыл экендигин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Коомчулукта финполиция кызматы коррупциялашкандыгы, ал эми анын кызматкерлери өз кызматтык абалдарынан колдоно тургандыгы тууралуу пикир орногон. Бирок бул пикирди өзгөртүүгө учур келип жетти. Биз өлкө тарыхындагы ачык-айкын шайлоону өткөрүү менен «саясий кереметке» жетиштик, эми «экономикалык кереметке» жетишүү мезгили келди. Аны ишке ашыруу ар-бирибизден көз-каранды. Күч-аракетибизди 100% жумшап, жаңы деңгээлге чыгуубуз керек. Сиздердин жардамыңыздар менен бардык коррупционерлер коом итерген персоналарга айлануусу тийиш. Кооррупциялык көрүнүштөргө терс караган коомдо гана өнүгүп-өсүү орун алат», – деп белгиледи ал.

Максат Мамытканов 10 күндүк мөөнөттө мамлекеттин экономикалык коопсуздугун, коомдун, ишкер субьектилеринин жана жарандардын мыйзамдык укуктарын жана кызыкчылыктарын  камсыздоо боюнча ишти жакшыртуу боюнча сунуш берүүнү тапшырды.

Жыйынтыгында белгиленгендей, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ар бир кызматкерине жекече баа берилип, ишин ак ниет алып барбаган жактарга карата чаралар кабыл алынат.

Максат Мамытканов белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алдыга коюлган милдеттерди чечүүдө максималдуу көмөк көрсөтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: