“2020-жылдын 23-мартындагы N182-токтому, баяндамачы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун баса… министри Жунушали Кашкаро Астаканович, сөз баяндамачы урматтуу… орун басары келген – Кенжекул Исламбек”, – деп тааныштырды кечээ, 18-майда КР Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутат, комитеттин төрагасынын орун басары Тазабек Икрамов токтомдун баяндамачысын.
“Тазабек Икрамович, мен, Алмазбек Орозалиевмин, министрдин орун басары”, – деп өзүн тааныштырды баяндамачы.
“Аа, Орозалиевби? Сен эмне башты айлантып жатасын, адаштырып?”, – деп Тазабек Икрамов өзүнүн кол алдында иштегендердин бирин жекире урушту.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ