Бүгүн, 24-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 127 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек – 19; Ош – 8; Чүй облусу – 4; Ош облусу – 38; Талас облусу – 3; Нарын облусу – 2; Ысык-Көл облусу – 4; Жалал-Абад облусу – 20; Баткен облусу – 29.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 45 757га жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 101 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 42 миң 5ке жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек – 15; Ош шаары – 13; Чүй облусу – 9; Ош облусу – 17; Талас облусу – 3; Ысык-Көл облусу – 14; Жалал-Абад облусу – 10; Баткен облусу – 20.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ