Алдын ала маалыматка караганда 2016-жылдын 26-апрелинде саат 06:00 чамасында Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 15 кожолуктун короо-сарайын каптаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады. Тазалоо иштери жергиликтүү тургундар тарабынан жүргүзүлүүдө.
Андан тышкары Базар-Коргон-Арслан-Баб унаа жолунун 35-36-чакырымында сел калдыктары унаалардын жүрүшүнө кыйынчылык жаратууда. Тазалоо иштерине 1 грейдер тартылып, иштер улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ