Жогорку сот 24-июлдагы сот отурумунда мурдагы премьер Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Ошентип, Исаков тергөө аяктаганга чейин камакта болот. Сот отурумунан кийин Сапар Исаковдун апасы Нургүл Өмүрбаева ЖМК аркылуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Өмүрбаева ак ийилип, бирок сынбай турганын айтып, Исаков ушул учурга чейин ак иштеп келгенин белгиледи.
«Кудай деле көрүп турат. Бир жердей бир нерсени жеп алайын деген ою болгон эмес. «Чындык кайда? Калыстык кайда?» деген суроо бергим келет. Ушул убакка чейин өлкөнү талап-тоногондор кутулуп кетип жатпайбы, алар эмне менен кутулуп жатат? Акча менен кутулууда. Ооруканага да жатып алып, кээси качып кетип жатат. Менин балам качкан жок. Эмнеге качат? Эл алдында, журт алдында жүзү жарык болсо эмнеге качат?» деп суроо салды ал.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ