Кыргыз-Тажик чек арасынын 70 чакты аймагы алигүнчө такталган эмес. Бул жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнүн чек ара боюнча расмий өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди.
– Эки өлкөнүн президенттери жакында Душанбе шаарындагы жолугушуусунда чек араны аныктоо иштерин алдыга жылдырууну өз ара макулдашты. Сүйлөшүүлөр эми дагы кайрадан жанданат жана улантылат, – деп кошумчалады Кыргыз Өкмөтүнүн чек ара боюнча расмий өкүлү Курбанбай Искандаров. Ушул тапта Кыргыз-Тажик чек арасынын 584 чакырымы биротоло тактала элек.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ