Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгери Жумабай Бекмуратов коронавирустан каза болгон эмес. Бул тууралуу журналисттерге Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
27 жаштагы дарыгердин өлүмүнүн себеби – ал өз жанын кыйгандыгы такталды.
«Социалдык тармактарда өлүмдүн себеби коронавирус экендиги тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Мурда дарыгердин бир канча жолу тапшырган ПЦР-анализдеринин баары таза чыккан. Жумабай Бекмуратов өз алдынча өпкөнүн КТ, андан соң көкүрөк рентгенин жасады. Эч кандай патология табылган жок ”, – деп билдиришти департаменттен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ