Бүгүн, 25-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев КР Бажы кызматынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду 2017-жылы 23-ноябрда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков мыйзамсыз кызматтан алган деп таап, кайра өз кызматына – Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына кайтарууга чечим чыгарды.
Ал кезде Сапар Исаков жаңы эле премьер-министрлик кызматта иштеп жатып Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет деп, “Мамлекеттик кызмат” тууралу мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүкчөсүнө таяп кызматтан алган.
Ал эми Райымбек Матраимов үстүбүздөгү жылы апрелде Сапар Исаков “мени негизсиз, саясый мотивдер менен жумуштан алды” деп өкмөттүн ал чечимин сотко берген.
Ошол эле учурда экс-президент Алмаз Атамбаев “Райымбек Матраимовду кызматтан алууну Сапар Исаковго мен буйруп кеткемин” деп билдирүү жасаган. Коомчулук 2010-жылдан 2017-жылга чейин Алмаз Атамбаев Кубанычбек Кулматовдун ортомчулугу астында Райымбек Матраимовдун тапкан-ташыганын Атамбаев өзү алып турганын жакшы билет. Бирок кызматтан кетеринде Матраимовду Жээнбековго жабыштыра кеткиси келгени элди таң калтырган.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ