Menu

Мира Карыбаева менен Сапар Исаков ири коррупциялык кылмыштарга айыпталууда

Бөлүшүү:

Бүгүн,  9-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда борбордогу Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушундагы коррупция фактылары боюнча сот отуруму улантылды.

Бүгүнкү сотко кылмышка айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаков менен  президенттик аппараттын экс-бөлүм башчысы Мира Карыбаева алып келинди.

Кезектеги отурумда Мира Карыбаевага карата айыптоо корутундусу окулуп, ал коррупциялык кылмыштарга айыпталды.

2014-2016-жылдары Сапар Исаков КР Президенттик аппараттын бөлүм башчысы, аппараттын жетекчисинин орун басары, аппараттын жетекчиси кызматтарында иштеп туруп, Чолпон-Атадагы ипподром менен Бишкектеги Тарых музейинин курулуш жана реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө коррупциялык кылмыштарды уюштурган.

Сапар Исаков өзүнүн кылмыштуу максаттарын ишке ашыруу үчүн ошол кездеги президенттин кеңешчиси Мира Карыбаева менен туруктуу кылмыштуу байланыштарды түзгөн.

2017-жылдын 26-апрелинде Ак үйдө Сапар Исаков менен Мира Карыбаева Германиянын “Reier” компаниясынын башчысы Уве Райер менен жолугушкан. Ал жолугушууда Уве Райер Тарых музейинин ичин 8 млн еврого жаңылап берерин айткан. Сапар Исаков дароо Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчилери А. Абдыкаров менен Ш.Атамбековго  “Reier” компаниясы менен келишим түзүүнү буйруган. Бул шарттагы келишим “Reier” компаниясы үчүн өтө пайдалуу болуп, кыргыз мамлекетине чоң зыян алып келген.

Мира Карыбаева өзүнүн  WhatsApp байланышы аркылуу Мамлекеттик курулуш агенттиги менен “Reier” компаниясынын келишим түзүү процессин көзөмөлдөп, Сапар Исаковдун мыйзамсыз аракеттеринин ишке ашышына көмөк көрсөткөн. Бул келишимдер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жана тендерлер боюнча мыйзамдарын одоно бузуу менен түзүлгөн.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Фото: Cводка

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: