Menu

Бүгүн Жогорку сот Садыр Жапаровду актады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку сот экс-депутат Садыр Жапаровду актады. Бул тууралуу анын адвокаты Шарабидин Токтосунов журналисттерге билдирди.

Анын айтымы боюнча, сот жаңы ачылган жагдайлар боюнча материалдарды карап, Биринчи май райондук, шаардык жана Жогорку сотторунун чечимдерин жокко чыгарды.

Эскерте кетсек, 2013-жылы соттор Жапаровду Каракол шаарында болгон митингди уюштурган деп айыптап, 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Биринчи май райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. 2020-жылы 30-апрелде Жогорку Сотто Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. Ал кечээ Бишкектеги башаламандыктан кийин абактан бошотулган. Бүгүн болсо, премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп шайланды.

Садыр Жапаровго байланыштуу Жогорку соттун чечими.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: