2020-жылдын 1-октябрына карата 108 048 балага, бир жолу төлөнүүчү “Балага сүйүнчү” берилген. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, буга республикалык бюджеттен 400 млн. сомдон ашык каражат сарпталган.
Министрликтин маалыматына ылайык ушул жылы үч эм төрөлгөн 9 үй-бүлө кайрылган. Алардын ар бир баласына 50 миң сомдон төлөнүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ